www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвадагы кыргызстандык дарыгерлердин кайрылуусунда, акыркы 4 айда жумушка орношуу үчүн медицина мекемелерине кайрылгандардын ичинен 480 кыргызстандык жарандан жугуштуу СПИД оорусу аныкталган.

Бул тууралуу депутат Сакындык Келдибаев бүгүн, 5-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып чыкты.

- Бүгүнкү күнү четте жүргөн мигрант мекендештерибиздин арасында жугуштуу ооруларга чалдыккандардын саны өсүп жаткан көйгөй абдан кооптуу болуп жатат. Москвадагы кыргызстандык дарыгерлердин кайрылуусунда акыркы 4 айда жумушка орношуу үчүн медицина мекемелерине кайрылгандардын 480нинен жугуштуу СПИД оорусу аныкталган. Эми ошол 480 ооруга чалдыккан адамдар кайра арткага кайтып, учурда Кыргызстанда аралап жүрүшөт. Бул өтө кооптуу!, - деди анда депутат.

Андан ары сөзүн улаган Келдибаев,"Албетте, мындай көйгөйлөр бизде гана эмес, коңшу мамлекеттерде – Тажикстан, Өзбекстанда да бар. Бирок, алар мындай кооптуулуктун алдын алуу үчүн аэропортторго медициналык лабораторияларды орнотушуп, мекенине кайра кайтышкан мигранттарын тыкыр кароодон өткөрүшүүдө. Биздин өкмөт да сыртта жүргөн мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кошуналардай аэропортторго медициналык лабораторияларды орнотушса, - деген сунушун өкмөт өкүлүнө узатты. 

Ошол эле депутаттын жыйында айткан маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда СПИД жугуштуу оорусу менен 9 000 адам ооруйт, анын 2 000и каза болгон. Албетте, бул такталганы гана. Депутат айтмакчы, али такталбай, белгисиз болуп жүргөндөрү канча?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости