www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Германиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда Моника Иверсен Кыргызстанда немис тилин өнүктүрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин билдирип, айрым маселелерге токтолду. 

Элчи айым Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлүнүн авторлоштугу менен IT боюнча кыргыз тилинде китеп жазылып, ал учурда апробациядан өтүп жатканын кошумчалады. 

Каныбек Исаков билим берүү тармагын колдоого алып жаткандыгы үчүн элчиге ыраазычылыгын билдирип, бул жааттагы эки өлкөнүн кызматташуусун жакшыртуу керектигин белгиледи. 

Тараптар мындан сырткары каникул учурунда кыргызстандык студенттер Германиянын шаарларына иштегени барган учурлар көбөйгөнүн эске алуу менен немис тилин бекемдөө боюнча пикир алышты. 

Кыргызстанда немис тилин терең окутуучу 10 мектеп бар. 

 

Последние новости