www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абаддын опер кызматкерлери тарабынан жаш өмүргө кол салгандар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда,  2019-жылдын 9-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад областтык биргелешкен клиникалык ооруканасынын дарыгери жаш жигитти белгисиз атуулдар учтуу нерсе менен ич жагына сайып, денесине жараат келтиргендигин, жабырлануучу областтык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы боюнча милицияга кабар берген. Ал эми 2 сааттан ашуун операция болгон жаш жигит ошол эле түнү денесинен алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болгон.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБнин тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулуп, 9-ноябрь күнү Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 39-беренеси (Кылмышка аракеттенүү), 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Каза болгон жаран Сузак районунун тургуну, 2001-ж.т. К.Т. экендиги, окуя өз ара келишпестиктен келип чыккандыгы аныкталып, анын денесинен алган жараатынын оордук даражасын, келип чыгуу себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык, ал эми кийип жүргөн кийимдери алынып ага соттук-биологиялык жана криминалистикалык экспертизалар дайындалып, кылмыш ишине шектүүлөрдү аныктоо максатында тергөө тапшырмалары берилген.

Кримниалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын тургуну 2000-ж.т. У.Д. жана Сузак районунун 2002-ж.т. тургуну Н.А. аттуу кыз шектүү катары кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости