www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт үй-бүлө акысыз батирлүү болушту

Жалал-Абад шаарында турак үйгө муктаж төрт үй-бүлөгө жаңыдан салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 1 жана 2 бөлмөлүү батирлердин сертификаттары тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук иш-аракеттерин “Элит строй сити” курулуш компаниясы жүргүзүүдө. Бериле турган батирлер шаардагы курулушу башталып,  6 кабаттан турган 35 батирлүү “Ясын” турак жай комплексинде жайгашкан.

Буга чейин аталган курулуш компаниясы турак жай комплексинен 7 батирди муктаждарга кайрымдуулук иретинде берүүнү көздөгөн. Бүгүн алардын төртөөнүн сертификаттары ээлерине тапшырылды. Компания жетекчилиги батирлерди берүүдө алардын жашоо шарты жана үйгө болгон  муктаждыктары менен таанышкан. 

Үй ээлерине сертификаттарды тапшыруу салтанатына калаанын вице-мэри Болот Узакбаев катышты. Анда акыркы жылдары шаарда көп кабаттуу үйлөрдү салуу жанданып, тургундардын турак үй менен камсыз болуусуна жакшы шарттар түзүлүп жатканын айтты. 

Белгилей кетсек, 2019-жылы калаада 10дон ашуун көп кабаттуу үйдүн курулушу башталган. Шаар мэри Мураталы Тагаев да жеке ишкерлерди колдоого өзгөчө көңүл буруп,  бул багытта жергиликтүү бийлик тарабынан зарыл болгон иш-аракеттерди жүргүзүп келет.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости