www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Премьер Абылгазиев элдин ден соолугун көздүн карегиндей сактай турган кызматкер болуш керек. Иштин бары тескери болуп, Түркия сыяктуу мамлекеттер Кыргызстанга клиника куруп берели десе, Абылгазиев жаа бою дардалаңдап качып жатат. Эмнеге Абылгазиевге өз элинин ден соолугунун кереги жокпу? 2018-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде медициналык факультетти ачып, окуу жайдын алдында заманбап ири клиника куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Өкмөт канча орундуу клиника куруу боюнча өзүнүн жообун бермек. Андан бери бир жыл өттү, Өкмөт болсо эмнегедир жообун бербей жатыптыр. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Ушундай да болобу? Түрк тарап өз каражатына куруп берели десе, биздин унчупай отурганыбыз жакшылыктын жышааны эмес. Кыргызстанда заманбап ири клиника курулуп калса, биздин элибиз үчүн жакшы болмок. Кыргыз жарандары Түркияга барып дарыланбай, Бишкектин өзүндө эле сакайып турушмак. Анын Өкмөткө кереги жок болсо, элге керек. Ал мындай мыкты демилгелерди унутта калтырбай, тезинен жообун бериши керек», - деди депутат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости