www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү болжол менен саат 17:03 чамаларында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, жаш өспүрүм үйүндөгү сарайдын ичинен өз өмүрүн кыйганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу аталган Чүй районунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда ал 2008-жылы туулган К.Н. экендиги маалым болуп чыккан. Денесине кароо жүргүзүү учурунда моюнунда жиптин изинен башка жаракаттар аныкталган эмес.

Аталган факт  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын алкагында каза болгон өспүрүм Чүй районундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгону жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым болгон.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости