www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-июнундагы №392 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү түзүлгөн.

Өкүлчүлүктүн негизги милдеттери болуп Россия Федерациясындагы миграция маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жарандардын Россия Федерациясында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү саналат.

Өкүлчүлүк тарабынан негизги иш багыттары боюнча 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын март айына чейин Россия Федерациясындагы 1 643 Кыргыз Республикасынын жаранына жалпы суммасы 121 млн 299 200 рубль өлчөмүндө төлөнбөй калган эмгек акыларын өндүрүп алууга көмөк көрсөтүлдү. Мындан тышкары, өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолукка келтирилген зыян үчүн 27 жаранга иш берүүчүлөрдөн 27 млн 772 000 рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүп алууга жардам берилди.

Жогоруда көрсөтүлгөн мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында, алардын 3 711 кайрылуусу боюнча Москва шаарынын жана Москва облусунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына (полиция бөлүмдөрү, соттор, прокуратура, миграция маселелери боюнча бөлүмдөр, тергөө комитети ж.б.) 1 291 жолу чыгуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, 2022-жылдын ноябрынан 2026-жылдын март айына чейин өкүлчүлүк тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу жана телефон аркылуу Россия Федерациясынын миграция мыйзамдары жана башка маселелер боюнча 59 292 жаранга юридикалык кеңештер берилип, укуктук коштоо көрсөтүлдү.

Кыргызстандыктардын Россияда мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылуу максатында өкүлчүлүк тарабынан Россия Федерациясынын мыйзамдарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп келет.

Последние новости