www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттө президенттин былтыркы демилгесин ишке  ашыруу максатында ротациянын күңгөй-тескейин талкуулап жатышат. Чынында ротациянын президент айткандай колдоого аларлык да жагы бар. Ошол эле учурда анын кесепети да болуп калышы ыктымал. Анткени, кыргыз чиновниктери табиятынан кошоматчылардын  тилине киргенге маш.

Кошоматчылардын таасирине бат эле арбалып калчу чиновниктерди эске алсак, ротациянын зарылчылыгы деле жок окшойт деген ойго кептелесиң. Анткени, кошоматчылар жетекчини эч качан жакшы жакка үндөбөйт.

Мамлекетке пайда келтире турган ишти эмес, өзүнө зарыл делген ишти илгерилетүүгө аракет кылат. Ошол жагын эске алганда, ошту оштун ички тышкы саясатын билген гана адам көтөрө алат. Нарынды Нарындын шартын жакшы түшүнгөн гана адам эптей алат деген ойго жетеленесиң.

Ошон үчүн ротация маселесине ашыкпай эле, мамлекетти өнүктүрүүнүн, коррупционерлерди тыюунун башка жолун тапканыбыз оң болчудай. Мамлекетибизге ротациянын пайдасынан кесепети көбүрөөк тийип калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости