www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Роза Отунбаеванын акыркы убактарда жасап жаткан кадамдарына кыргызстандыктар катуу нааразы болуп турат. Өңгөсүнөн күтсөк да, өлкө башында 1,5 жыл отурган Роза Исаковнадан батыштын жосунсуз жоруктарын Кыргызстанга таңуулаган аракеттерди колдоосун күткөн жок элек. 

Түшүндүрө кетели, кече жакында эле борбор калаабыздагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде феминисттердин иш-чарасы өтүп, анда дырдай жылаңач кыздар келген элдин оозун ачырган. Анан дагы айымдардын ич кийимине «Аборт жасатсам өзүмдүн ишим» деп жазып илип коюшкан болчу.  Коомчулуктун буга карата катуу нааразычылыгы пайда болгондон кийин музейдин директору Мира Жангарачева өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын арызын маданият министрлиги кабыл алган. Буга байланыштуу Роза Отунбаева маданият министрин, өкмөттү айыптап чыкты. Ал «Искусство ар түрдүү болот, кээде өтө жаңжалдуу болот» деген пикирин билдириптир. 

Биринчиден, батыштын мындай жосунсуз «искусствосун» Кыргызстанга таңуулаштын кереги жок. Кыргыз элинин маданияты, искусствосу эзелтеден таалим-тарбия бере турган нукта болуп келет. Аны жолунан чыгарууга жол бербеш керек. Эгерде биз Батыштан каржыланган бейөкмөтчүлөрдүн гей-лесбиянкаларды, жылаңач чечинип алгандарын, ар ким менен «төшөктө ойноп», анан каалаган убагында аборт жасата берүүлөрүн өзүбүздүн коомубузга тереңден киргизип алсак, анын арты жакшылыкка алып келбейт. 

Акыркы убактарда батыштын «баалуулуктарын» ачык эле таңуулагандар ачык аракетке өтө башташты. Март айында гей-парад өткөрүштү. Муну да ала адам укугун сактоо менен байланыштырышты. Эми минтип айымдарды жылаңачтап, ич кийимин музейге илип отурушат. Мындай жосунсуз жоруктардын арты эмнеге алып келет? Эгер тоскоолдук кылбасак, анда жакынкы жылдары эркек менен эркек үйлөнө баштайт. Аял менен аял жашай баштайт. Анан анын арты тукумсуздукка алып келет. Батыш мына ушуну көздөп турат. Кыргызстанда адам саны азайсын деген ниетте болушууда. Анан дагы кыргыз элинин эзелтеден келаткан маданиятын, нарк-насилин, каада-салтын түп-орду менен жок кылууну көздөшүүдө. Тилекке каршы, Отунбаева мына ушундай аракеттерди колдоого алууда. Анан кантип ага карата сый-урматыбызды сактап калабыз?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости