www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бейшемби күнү өткөн (28-февраль) Жогорку Кеңештин пленардык жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында депутат Руслан Казакбаев Нарын облусундагы Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеп берди.

Депутаттын билдирүүсүндө Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы мектептин, Кочкор районундагы Ак-Кыя, Сары-Булак айылдарындагы мектептердин окуучулары учурда авариялык абалдагы имараттарда, кооптуу жагдайда окуп жатышканын, ошондой эле Сары-Булак айлындагы бала бакча да ошондой абалда экенин кабарлады.

Ошону менен бирге эле «Жаз чыгаары менен чатырга билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. 21-кылымдагы Кыргызстандын билим берүүсүнүн акыбал ушундай» деген ойду айтып, айтылган бул маалыматын кайрылуу ириетинде түздөн-түз өлкөнүн өкмөт башчысы М. Абылгазиевдин дарегине багыттады.

Булак: "Айгай-пресс"

Последние новости