www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Раим Матраимов өкмөттү сотко берип, Жогорку сот Матраимов тарапка чечип берди. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

-- Раим Матраимов өкмөттү Жогорку сотгон утуп чыгышы боюнча баа берүү өтө кыйын. Анткени, Жогорку сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовду "иштен мыйзамсыз алынган" деген чечим чыгарды. Эгер өкмөт мыйзам чегинде Раим Матраимовду кызматтан алган болсо, анда өкмөт бул иштин аягына чейин турушу керек эле.

Демек, Жогорку соттун чечимине ишенбей коюуга негиз жок. Бул жерде мен Раим Матраимовду коргоп жаткан жокмун. Болгону Раим Матраимов Жогорку сотко чейин райондук, шаардык соттон да өкмөттү утканын эске алып айтып жатам.

Ошондой эле, Раим Матраимовго кылмыш иши ачылган эмес, ачылышы да күмөн. Анткени, далилдүү кагаз же эч кандай факты жок. Бирок, коомчулукта Раим Матраимовду бажы тармагында иштеп турганда мыйзамсыз байыган деген күмөн бар. "Балык башынан сасыйт" демекчи, Раим Матраимов иштеп кеткен бажы тармагында болуп жатпайбы.

Ошол эле Салык кызматы, Транспорт министрлиги жана башка фискалдык органдарды текшерүүгө алуу керек болчу. Тилекке каршы, андай чечкиндүү кадамдарга али укук коргоо органдарынын күчү жетпей жатпайбы. Сөзүм куру болбосун, 4 ай мурун Каржы полициясына тапшырма берилген.

Каржы полициясы укук коргоо органдары менен биргеликте Раим Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө алып, ийне жибине чейин иликтеп, элге маалымат бере алышкан жок. Эми Раимды сүттөн ак десең эл ишенбейт, коррупционер дейин десең факты жок. Абал ушундай болуп жатпайбы...

Булак: "Ачык саясат"

 

Последние новости