www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рысалиевге узун аркан ыргытылдыбы?

Зарылбек Рысалиевдин таржымалын иликтеп жүргөндөр кандай кызматтарды чеңгелдеп жүргөнүн жакындан билишээрине ынанууга болот. Анын бактысы экинчи ыңкылаптан кийин толук ачылды десек болот.

Өлкө солкулдак көпүрөнүн үстүндө турганда полковник З. Рысалиев 2010-жылдын 4-августунда Өкмөттүн чылбырын колума алам деп жүздөгөн колдоочулары менен уруп-салып келаткан Урмат Барыктабасовдун борборго келишине тоскоолдук жараткан. Ал тургай жүгөрүнү аралата кубалап, колуна кишен салдырган. Көп өтпүй мамлекеттеги эң жооптуу тармактын- ИИМдин башчылыгына келген. Акыры жасаган эмгегинин акыбети кайтып, генералдык чинди ийинине тагынган.

Арийне, үлкөн кызматтын “проблемасы” да болоруна неге моюн толгомок элек. “Ата Мекенчилердин” мародерлукка тиешеси бар экенин тастыктоого көп нерви желди. Бирок ошол “уюктагы каармандардын” бири гана Райкан Төлөгөновду соттоп жиберишти. Кайгылуу жагы анын уулу Муса да азыр темир тор артында “эс алып” жаткандыгында. Эгерде ал кыңыр иштерге киришпегенде минтип жаштыгын түрмөдөөткөрмөк эмес. Ошол кездеги саясаттын чатырашты сызыктай болуп кеткенинен улам партиянын калган “шектүү мүчөлөрүнө” соттун колу жетпей калганын жашырууга болбойт. Бирок, генерал Зарылбек Рысалиевдин “карьерасына” убактылуу балта чабылды.

Кийинки келген кызматы-түрмөдөгүлөрдү көзөмөлдөөгө келип такалды. Бирок, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы боюнча ыргытылган “сыйрытмакка” түшчүлөрдүн катарына учурда ушул депутат да болушу ыктымалдыгы айтылууда. Эми аны убакыт көрсөтөт дечи? Ошентсе да анын мурдагы кеңешчиси Качкыналиедин кармалышы кыйла суроолорду жаратты. Алгачкы суракты берип жатканда Зарылбектин “эси ооп” кетиптир дегенге чейин кээ бирлер барышканына караганда аны жек көргөндөр бар экени тастыкталды. Албетте, Батукаевдин ишинин козголушу жөн жерден болбогону сокур кишиге деле сезилип турат.

Негизи ичиндегисин шар айткан, тайманбастыгы бар экендигин коомчулук билет. Антсе да ошол сапаттары ушул ирет кайрадан ачык байкаларына бираз күмөнүнүү жаралганы да бар. Кырдаал өзгөргөндө адамдын айбаты пасаңдай түшчү эле. Анын үстүнө парламенттеги “Ата Мекенчилер” да учурдун “сокбилегин” пайдаланбайт деп ким кепилдик бере алат? Эч ким. Шымаланып тургандар Рысалиевдин эркин майтарууга аракетин сөзсүз кыймылга келтиришет. Тигил Бабановчул депутаттар дагын Закени кырдан кулатууга “салым” кошорун белгилеп коелу. Анткени кезинде генерал Өмүрбектерге тиш салганын кантип унутта калтырышсын? Айтор, —“Менин эркимди сындыра алышпайт, кааласаңар шпагатка отуруп берем”-деген Рысалиевдин учурдагы абалы анчалык алымсындыраарлык эместигин кошумчалай кетели. Кечээги кыялдар бүгүн жок кеткенби бурганак сапырып…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости