www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өздүк баракчасы инстаграмм социалдык түйүнүндө пайда болду. Ал жерде маркум “авторитеттин” колдоочулары rysbek_akmatbaevkg ысымында катталган. “Баракча патриотторго арналган, негизги максат – Кыргызстандын келечегине балта чаап, мамлекетти кыйратып жаткан адамдардан өлкөнү тазалоо”, - экендиги жазылган.

Белгилей кетсек, Рысбек Акматбаев 2006-жылдын 10-майында Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылынын мечитинен чыгып бара жаткан жеринен атып өлтүрүлгөн. Окуя кечки саат 18:45 чамасында орун алган. Анда кримтөбөл мечитке кайрымдуулук иштери менен келип, ал жерден чыгып бара жаткан жеринен “Ауди 100” үлгүсүнөн бет капчан белгисиз адам чыгып, Акматбаевди көздөй ок чыгарган. Октун багыты максатына жетип, Акматбаев ошол жерден жан берген. Бирок бул окуяда кримтөбөлдөн сырткары дагы эки жашы жете элек уланга ок тийип, алар ооруканага жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости