www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таластык дыйкандар төө буурчактын баасы өтө төмөн болуп жатканына байланыштуу Ак үй алдына нааразылык акциясына чыкканы жатышат. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Депутат өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр болгону бардык облустарды кыдырып, Таласка бир да бара электигин айтып, таластык дыйкандар арасында төө буурчактын баасына байланыштуу нааразылык күчөп жатканын билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Дөбө айылында төө буурчакты кайра иштетүү заводунун ачылышына катышканда ишкерлер бир килограммын 40-60 сомдон алабыз деп убада бергенин, бирок азыр 25 сомдон экенин айтты.

- Азыркы күндө таластыктардын тагдыры жаман абалга кептелди. Төө буурчактын баасы күндөн күнгө төмөндөп отуруп 25 сомго чейин түштү. Мындай баа 2011-жылы болгон. Мен акимдер менен да бат-бат сүйлөшүп жатам, баасы төмөндөп, бир да жерде албай, эл кыйналып, Ак үйдүн алдына митингге чыкканы жатат.

Парламенттик өкүл бул маселе тууралуу эч нерсе айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости