www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Гарыбсага» каршы күрөштүн туусу Албек Ибраимов деле мэр болгон. 1-классты мыкты бүтүргөн же болбосо 2-класстын орто окуучусу «коррупция» деген сөздү жаздырса ашып кетсе  бир ката кетирет. Ал эми 2016-жылы Кубаныч Кулматовду «жегич» деп кубалап ордуна келген Албек Ибраимовдун билим сапаты кандай экенин билбейбиз. Бишкек мэрине шайлоо алдында кадыр-барктуу адамдардан тил комиссиясы түзүлгөн. «Гарыбсага» каршы күрөшөм деген Албек Ибраимовдун жазгандары соцтармакка тарап кеткен. Уяты бар тил комиссиясы болгондо «сабаттуулугуңузду жоюп келиңиз» деп айдап жибермек. Тил комиссиясы уялбай туруп Албек Ибраимовду мактады, Бишкек депутаттары мэр кылып дароо шайлашты.

Балким грамматикадан начар Албек Ибраимов арифметикадан абдан күчтүүдүр. Анткени, анын алдында  тараза тартуу жагынан эч ким тең келбейт дешет. Улуту уйгурбу ким билет, Арашандык Албек Ибраимов Кытайга темир саткан Атамбаевдин мыкты таразачысы болуптур. Арашанда кээ бирөө үй курганга 5 сотых жер таппай жүрсө, ал 5030  сотых же 50,3 гектар жерди өзү басып жатат. Мэр болуп турганда  Азамат Үсөновго кызын берип Кыргызстанды дүңгүрөтүп чоң үйлөнүү үлпөтүн уюштурган. Эркек жагынан 600 адамды ээрчитип жоо чаап ала тургансып Аскар Салымбеков келген. Кыз берүүчүлөр жагында ал кездеги президентти жубайы Раиса Атамбаева Бабановдун жубайын колтуктап кирип келгенде Аскар Салымбековдун оозунан сөзү түшүп «дудук» болуп он мүнөт туруп калган дешет, он мүнөттөн соң от алып, кетер кеткиче Башкы кудагыйы Атамбаеваны мактай берип Албек Ибраимовдун кызы менен Азамат Үсөнов унутулуп калды дешкен. Бирок Албек Ибраимов кийин күйөө баласы Азамат Үсөновду унуткан жок. Күйөө баласын өз фамилиясына Азамат Ибраимов деп котортпосо да, Кытайга элчи кылып жибертет. Лекин,  иниси ИГИЛдин согушчан-террористерин курал сатып камалган Максат Кунакуновго канча аракет кылса да сактап кала алган жок, ал 10 жылга кесилип кеткен. 

Албек Ибраимов мульти –миллионер, учурунда президент болуп турган жердешине жер саттым деп чуу болгон, аны сатпай эле белекке берген деп жүрүшөт, бул тууралуу өзүнчө сөз болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости