www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйналышын даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды:
«Даңк» ордени менен
Тилегенов Бактыбек Сабырович – Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру;
берилсин:
«Кыргыз Республикасынын эл артисти» деген ардактуу наам
Осмоналиев Рахатбек Муталиповичке
–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы А. Джумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин кɵркɵм жетекчиси жана башкы дирижеруна;
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наам:
Абдубачаев Рысбек Исмаилбековичке
–А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солистине;
Абдыралиева Чынара Мелисовнага
–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы Эл аспаптар академиялык оркестринин артистине;
Бабич Юлия Алексеевнага
–А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын вокал боюнча концертмейстерине;
Бейшеев Талайбек Сабыровичке – композитор, «Аура» тобунун жетекчисине;
Жеенбаев Мурзали Тɵлɵновичке
–Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ага окутуучусуна;
Надырбек уулу Канатка
–Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын балет артистине;
Раимбекова Жамиляга – Германия Федеративдүү Республикасынын Росток шаарындагы Фолькстеатр опера театрынын солистине;
Ысманов Жеңишбек Эргешбаевичке – Италия Республикасынын Модена шаарындагы Л. Паваротти атындагы «Комунале» театрынын солистине;
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген ардактуу наам
Сайрамбаев Досжан Шамшыковичке
–«КапиталБилдингЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун директоруна;
«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:
Зайнидин уулу Уланга
–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бɵлүмүнүн башчысына;
Суеркулова Ирина Балтабаевнага
–К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын кыргыздын салттуу элдик аспаптары кафедрасынын ага окутуучусуна;
Чилетиров Жаныбек Жеенбаевичке
–«Жаш кыял» элдик үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси жана башкы балетмейстерине;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Абдраимов Алмазбек Алпамышович
–Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын телеоператорлор чыгармачыл секциясынын жогорку категориядагы башкы телеоператору;
Абдыбеков Жолдошбек Асанбекович
–Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маалымат» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин жогорку категориядагы режиссеру;
Абласова Жанар Бериковна
–П.Ф. Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин хор бɵлүмүнүн башчысы, вокал мугалими;
Айдарбеков Айбек Акматбекович
–Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Амантуров Мирлан Казылаевич
–Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын начальниги;
Асанбекова Лейли Нурлановна
–пианист, Бишкек шаары;
Дурусалиев Жумадыл Медетбекович – скрипач, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Королдук филармониялык оркестринин солисти;
Жакыпбеков Нусубалы Эшмукамбетович
–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамблинин артисти;
Жолдошева Эльнура Шаршембиевна
–Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын директору;
Жоомартова Шекерхан Абдиллаевна
–Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайынын окутуучусу;
Камытбеков Эрлан Шабданович
–Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын
«Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин балет артисти;
Кочконов Казыбек Маматкасымович
–Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси – Кыргыз Республикасынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору;
Курмангалиев Жумакадыр Билалович
–Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Улуттук маданият борборунун башкы директору;
Сапожникова Ирина Константиновна
–Мамлекеттик академиялык Мария театрынын Приморск филиалынын прима-балеринасы;
Шаршеналиева Анаркүл Сурахматовна
–А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жогорку
категориядагы хор солисти.