www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КТРКнын Байкоочу кеңешине ызы-чуу менен мүчө болуп шайланган Атыргүл Сарыбаеваны КТРКга эч бир тиешеси жок адам дешти эле. Көрсө, бул айым 1995-1997-жылдары КТРКда диктор болуп иштеген жайы бар экен. Анан калса, ошол дикторлук карьерасы аяктап калганда дикторлук курсту да окуптур.
Диктор болуп бүткөндөн кийин бул боюнча билимин жогорулатымыш эткени да кызык экен. 47 жаштагы бул айымды Жекшеевдин жакын кишиси экен, бийликтин жакыны экен дешти эле. Көрсө, солкулдаган жашыраак чагында, тагырагы 2000-жылдары “Ашар” коомдук уюмунун төрагасынын жардамчысы болгон экен.
Жаңылбасак, “ашарчылардын” арасында Жекшеев аксакал да бар беле? Анан, эмнеси болсо да эски тааныш эстен кетпейт да…
Булак: "Багыт"