www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров АКШ Президенти Джозеф Байден-кенжеге Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтып  телеграмма жолдоду. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. 

“Гавайи аралдарында өрттүн кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Биз Америка Кошмо Штаттарынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Сизге, Америка Кошмо Штаттарынын элине жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости