www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аскер кызматкерлерин социалдык, материалдык жактан колдоого, күч түзүмдөрүнүн эмгек акысын көтөрүүгө жана аскер техникасын сатып алууга 2021-жылы бюджеттен 7 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Мамлекет башчы аскердик техника Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттен сатып алынып жатканын белгилеген.
Эске салсак, 2021-жылдын октябрь айында Кыргызстан Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн сооттолгон 40 техника сатып алган.
Андан сырткары, Түркиядан учкучсуз учуучу "Байрактар" аппараттары да бюджеттик каражатка алынган.
Булак: NazarNews.kg