www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:

— Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;

— Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;

— Кыялбек Мукашев Финансы министринин кызматынан бошотулду;

— Марат Жаманкулов Юстиция министринин кызматынан бошотулду;

— Санжар Муканбетов Экономика министри кызматынан бошотулду;

— Тилек Токтогазиев мурда дайындалган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;

— Бакыт Бердалиев Транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;

— Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;

— Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;

— Эрлис Тердикбаев Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;

— Алтынбек Исмаилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости