www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облустук соту камактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров боюнча райондук соттун чечимин өзгөрүүсүз калтырды. Быйыл 16-июлда Аламүдүн райондук соту Мелис Турганбаев жетектеген Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Жапаровдун жаза мөөнөтүн мунапыска байланыштуу кыскартуу тууралуу сунушун «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде кабыл алган эмес. Адвокат биринчи инстанциянын чечимине каршы облустук сотко арыз жазган. ЖАМК Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.
Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»