www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, жакында ишиме байланыштуу Түптүк бир жолоочуну Караколго жеткиздим. Жолдо карай сүйлөшө кеттик. Түптөн болсоңуз Садыр Жапаровдун жердеши турбайсызбы? Кандай киши деп сурай салдым.

Атасы Нуркожо ажы айылындагы эстеликтердин баарын талкалап салып, эл сыйлабай калган аларды. Садыр өзү Түпкө спорт зал салып берем деп убадасын аткарбай кеткен деди. Убадасы мейли ага кызыккан жокмун. Динчил адам катары атасынын эстеликтерди талкалап салган деген жолоочунун сөзүнө кызыгып, тааныш-билиш айылдаштарынан сурап көрдүм. Көрсө окуя мындай болгон экен: Нуркожо ажы өзү бала кезинен молдо киши болгон. 90-жылдары ажылык сапарга барып, эстеликтер жөнүндө баарын терең түшүнүп келгенден кийин муфтий Кимсанбай ажыдан дагы бир жолу тактап, мал союп, куран түшүрүп, өзүнүн ата-энесине союз мезилинде түшүнбөстүк менен орнотулган эстеликтерди алып салыптыр. Ал мезгилде көпчүлүк элде түшүнүк жок эмес беле? Ошондон улам эстеликтердин баарын талкалап салды деген ушак сөздөр желдей тараптыр. Ойлоп көрсөңүз? Ким эле өзүнүн жакындарынын эстеликтерин талкалатмак? Ажы киши деле өзүм билемдик кылып башкалардын эстелигин талкаламак эмес. Ал киши 15-20 жыл алдын ала көрө билген киши болгон дейт.

Ошентип, бүгүнкү күнү деле элибиздин жарымы эстелик коёбуз дешсе, жарымы койбойт. Толук түшүнүк жете элек. Бара-бара эстелик коюу сөзсүз жоюлат. Анткени, мусулман баласына отко күйгөн темир, цемент жана башка материалдар менен эстелик тургузуу кыямат кайымга чейин маркумга оор болуп, кыйналып жатат экен. Мусулмандардын ордосу болгон араб өлкөлөрүндө дагы маркумга эстелик тургузбайт. Жөн гана таш же тактайга аты жөнүн жазып коюшат. Себеби, шариятта акыркы сөөк коюлган күндөн баштап 25 жыл өткөндөн кийин ал жерди колдоно берсе болот деп жазылган.

PS: Мага Нуркожо ажы менен анын уулу Садыр Жапаров эч кимим эмес. Тааныштыгым да жок. Мен өзүм Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылынан болом. 2013-жылы Кумтөр маселеси менен жүргөнүбүздө бизге бийликтин адамдары ушак сөздөрдү таратып, Садыр Жапаровко каршы чыккыла дегенде биз дагы ишенип алып ага каршы чыккандардын бири мен болгом. Көрсө бийликте олтурган адамдардын ойлору сасык болот турбайбы. Өз кызыкчыдыгы үчүн бирөөнү жаман көрсөтмөк тургай ата-энесин сатып жибергенге даяр болушат экен. Биз кеч түшүнүп калдык. Ошол үчүн чындыкты жазбай коё албадым. И баса, өз айылы сыйлабайт деген кеп да ушакчылардын кеби экен. Бир тууган иниси азыр да айыл өкмөт болуп иштейт экен. 2016-жылы Атамбаевдин бийлиги күч болуп турганда беш айыл эли бийликтин катуу каршылыгына туруштук берип, айыл өкмөт кылып шайлап алышыптыр. Бийлик инисин айыл өкмөттүккө өткөрбөш үчүн баардык күчүн жумшаган экен. Бирок эл деген эл экен. Көпчүлүк болуп 98% добуш менен өткөрүп алышыптыр. Эгер кадыр баркы жок болсо айыл өкмөттүк кызматка эмес, айылдык депутатка өтө албайсың го. Тем более өзүң элдешкис оппозиционердин  бир тууган иниси болсоң.

Токторбек Бердибаев, Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылынын тургуну

Булак: NazarNews.kg

Последние новости