www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сагынаевдин “самтырак ойлору”

Депутат Болот Сагынаев Кыргызстандагы негативдүү окуялардын ЖМКларда кантип чагылдырылып жатканын парламент карап чыгышы керек деп эсептейт.

Ал акыркы убакта Кыргызстандагы маалымат мейкиндигинде негативдүү маалыматтар көбөйүп кеткенин белгиледи.

Мына сага идея? Маалымат деген жалаң эле “нур жаап, айлана жапшалык керемет, элдин баары бактылуу болуп жыргап жашап жатат” дегенден турбасын бул, эл өкүлү түшүнөбү? Же эмне ооз ачпай дудук, же көрбөгөн сокур болуш керекпи элдин баары? Бул депутат сөрөйдүн оюна койсо, эч нерсе жазбагыла деп элдин оозу-мурдун таңып, таптакыр башка планетага көчүрүп жебире тургандай.

Жаштар келсин эле дешет. Жаштардын тас кейпи бул. Негизи жаштар эмес, башы иштегендер келиш керек экен. Кеп жашта эмес, башта тура. Мындай эл өкүлдөрү турганда сөз эркиндигин, адам укугун кордоочу душмандын деле кереги жок.

Последние новости