www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатты канааттандырбаган саясатчылар бар

Байчыны абдан мыкты, билимдүү жентельмен экен. Ресторанда мени «ухаживать» этип отурду. Мыйзам жөнүндө да сөз сүйлөгөн жок, саясат жөнүндө да сөз сүйлөгөн жок. Мени Моно Лизага салыштырып, Мопассандын «Милый другу» жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Золото үкөбүз бир ордунда отура албай : «Официанттын тумшугун талкалай коём» - деп миң жолу айтты. Андан башка сөз деле билбейт экен, бечара. Мен өзүм сурадым: «Кана менен коалициялык никеге турбай коюунун жолу барбы?» - деп. «Мыйзам-деген буйлалаган төө»-деди жылмая күлүп Байчыны. «Мыйзамдын тумшугун талкалай коём!» - деди Золото. «Мен Кана менен никеге турбайм» - десем Золото: «Мени менен турасыңбы?»-дейт сүйүнө. «Жок» -дедим.

 «Эмне Кана менен турасыңбы? Кананын мурдун талкалай коём» - деди Золото үка шашыла. «Жо-ок, Кана саясатты канааттандырбайт» - дедим чоёктоп  Байчыныны жал-жал флирттүү тиктеп: «Мен Байчыны менен гана коалициялык никеге барам» - дедим. «Майли» - деди Золото сүйүнүп: «Байчыны менин досум да». Байчыны колумдан кармап өөп: «Кананын аргасын табабыз. Эң негизи экөөбүз ынтымактуу бололу» - деди. «Бака менен кандайсыз?» - дедим. Золото: «Баканын мурдун талкалай коём» - деп жулунду. «Алынча» - деди Байчыны: «Экөөбүз ынтымактуу болсок, Кананын колунан эмне келет эле?». Үйгө чейин узатып келишти. Ушундай жылдыздуу жигитке жолукканыма сүйүнүп көздөрүмдөн жаш чыгып кетти.

Күрт жээнинен күртүлдөмө

5 сериал, (Бабусянын күндөлүгүнөн);

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости