www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын экинчи бөлүгү бүгүн  уланууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Коллегия тууралуу толук маалымат жыйындын соңу менен берилет.  

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги менен биргеликте иш алып барууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууда кошкон зор салымдары үчүн 2020-жылдын аянварь айында Кыргыз Республикасынын  ИИМдин буйругу чыккан. Ал буйрукка ылайык, 2019-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча, ардагерлер арасында сынактын мыктылары аныкталып, коллегиянын жүрүшүндө сыйланды. 

-“Кыргыз Республикасынын ИИОнун   эң мыкты ардагерлер кеңеши” сынагынын жеңүүчүсү катары Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Ардагерлер кеңеши аныкталып, аларга төш сызмасы, атайын вымпел, сыналгы тапшырылды. 

-“ИИОнун Мыкты ардагерлер кеңеши” сынагынын жеңүүчүлөрү номинациясынын жеңүүчүлөрү: 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңеши;

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңеши;

Ош ОИИББнин ардагерлер кеңеши;

Талас ОИИББнин ардагерлер кеңеши;

Жогорку ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана ИИМдин кол саат   менен сыйланышты.

«Кыргыз Республикасынын ИИМдин "Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам кызматтарынын Ардагерлер кеңеши; 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши; 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ардагерлер кеңеши; 

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши; 

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши; 

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши.

Жогорудагы ардагерлер кеңештерии атайын вымпел жана Ардак грамота менен сыйланышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости