www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий тандалма чечим – акыйкаттыкпы?

Бийликтин саясий куугунтугунун курмандыктары Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бардык соттук өкүмдөрдү жокко чыгарышы учурда кыргыз коомчулугунда сенсацияга айланды.

Чындыгында, Өмүрбек Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өч алуу буйрутмасынын курмандыгы болду десек жаңылыштык эмес. Атамбаев өз кезегинде башкаруусуна каршы чыккан, көз караштары прогресивдүү, мамлекеттик таза саясат үчүн күрөшкөн бир далай саясатчыларды темир тор артына камоого үлгүргөн. Коомчулук азыркы убакта дагы Садыр Жапаровго, Эрнест Карыбековго карата акыйкат соттук чечимдерди, алардын акталышын күтүп, адилеттик эңсеп турат. Ысымдары булганган, дежурлук менен алектенген, мезгилинде бийликтин камчысын чаап, акыры Ак үйдөн кубаланган, коррупциялык иштерге кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар айрым кошоматчы саясатчылар эми кайрадан Текебаевге жабышып, анын ысымы аркылуу “авторитет” болуп, саясий упай топтоого аракет жасап жатышкандай. Мунун дагы бир себеби, алар өздөрү көнгөн коррупцияланган эски системаны кайрадан орноткулары келишет.

Дал ушундай арты таза эмес аткаминерлердин бири - Текебаевдин сот процессине чейин чуркап барып, күйөрман болуп жүргөн Данияр Нарынбаев. Ал дагы өз убагында коррупциялык схемаларга аралашкандыгы үчүн шектелип камакка алынганы баарына белгилүү. Ата Мекен партиясына анын мүчөлөрү Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков, Аида Салянова, Данияр Нарынбаевдер күмөндүү кылмыштарга аралашып, партиянын бетине чиркөө болушкан. Албетте, Өмүрбек Текебаев аларды эми сүйрөй албасы бышык.

Өмүрбек Текебаевге КРнын Жогорку соту жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдагы чечимин кайрадан карап чыгуу үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрадан жиберилиши албетте бийликтин мыйзамдуу укуктук талаага өткөнүнөн кабар берет. Ошентсе дагы, бул соттук процесс тандалма чечим, себеби Садыр Жапаровдун соттук чечими бийликтин буйрутмасы эле болуп калды. 2019-жылдын башында ишке кирген жаңы кодекстерге ылайык, Жапаров соттолгон берене өзгөчө оор кылмыштардан оор кылмыш беренесине алмашты. Бул 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет. Буга байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Аламүдүн райондук сотуна Жапаровго амнистия колдонууну сунуш кылган.

Ал эми райондук сот сунушту карап чыгып, амнистияга байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимди кабыл алган эмес. Ошол эле убакта башка бир нече адамга ушул эле амнистия колдонулуп, бирок, Садыр Жапаровго гана колдонулган эмес.

Соттук чечимдердин тандалма болгондугунан улам буга бийликтин саясатынын дагы таасири болуп жаткандай туюлат.

Айтор, “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” дегендей, бийликтин даамын таткан, кызмат аркылуу жеңил-желпи акча табуунун кыныгын алган эски саясатчылардын айрымдары өздөрү көнгөн режимди орнотууга кайрадан аракет кылышууда. Ал эми ошол эле учурда бийлик мамлекеттик машинанын огунан чыгып кетпеши үчүн өз саясатын жүргүзүп жатат. Өлкөдөгү саясий кризис уланууда. Буга токтоосуз акыркы чекитти коюу зарыл. Өлкө башчысы катары Сооронбай Жээнбековдун жана анын командасынын саясий эрки жетеби? – деген суроого көпчүлүк үмүттүү жооп күтүп турат...    

Качкын Булатов, укук коргоочу

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости