www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш иш боюнча документтерди изилдеп, текшерүүлөрдү жана тергөө иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин 20 кыймылсыз мүлктү камактан чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Башкы прокуратура тергөө иш-чараларын жүргүзүп, ошондой эле УКМК менен ИИМдин ыкчам бөлүмдөрүнө А.Атамбаевге жана анын жакын туугандарына таандык кыймылсыз мүлктөрдү издөө боюнча тапшырма берилди.

ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгы Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 13-августта А.Атамбаев жана анын жакын туугандарынын 135 даана мүлкүн камакка алган. Мүлктөрдү камакка алуу Маалымат технологиялары башкы башкармалыгынын, ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин маалыматынын негизинде жүргүзүлгөн.

Бишкектеги Жал кичи районундагы №77 үйдөгү батирлер, ошондой эле юридикалык тараптардын «Телерадио уюмдардын ассоциациясы» бирикмеси камактан чыгарылды.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Телерадио уюмдардын ассоциациясы» бирикмеси эсептөөчү техникалар тармагында кеңеш берүү менен алектенет. Катталган күнү — 2018-жыл 14-сентябрь.

Жетекчи — Жумабаев Авланбек Рамазанович.

Түзүүчүлөрү:

- Media selling company («Медиа селлинг компани») жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи — Мырзакматова Жылдыз Жумакадыровна, түзүүчү — Гончаров Василий Николаевич, ишмердүүлүгү — радиоберүү, кайра катталган күнү — 18.11.2015].

- «Проф Медиа Компани» жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи — Ларькин Дмитрий Владимирович, түзүүчү — Гончаров Василий Николаевич, ишмердүүлүгү — радиоуктуруу, кайра катталган күн — 23.11.2015].

- «3-канал» жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи жана түзүүчү — Токтосунова Жаннат Олжобаевна, ишмердүүлүгү — жарнама кызматын көрсөтүү боюнча ЖМК, катталган күнү — 28.04.2016].

- «Жаңы телевизиондук тармактар телерадиокомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи — Үсөн уулу Жайнак, түзүүчү — Мырзаев Данияр Абдырашидович, ишмердүүлүгү — телеберүү, кайра катталган күн — 04.11.2015].

- «Телерадиоберүүлөрдүн «РЦТ» радиотехникалык борбору» жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи — Халдаров Абдумухтар Абдухамитович, түзүүчү — Халдаров Артур Абдумухтарович, Черняев Валентин Павлович, Халдарова Динара Абдумухтаровна, ишмердүүлүгү — радиоуктуруу, кайра катталган күн — 18.10.2013].

- «Апрель-ТВ» жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи — Ложников Дмитрий Валерьевич, түзүүчүлөр — «Апрель» коомдук фонду, Атамбаев Алмазбек Шаршенович, ишмердүүлүгү — телеберүү, кайра катталган күн — 23.04.2018].

- «2-канал» жоопкерчилиги чектелген коому

[жетекчи — Шакиев Нурланбек Тургунбекович, түзүүчү — Ысмайылов Уланбек Атиевич, ишмердүүлүгү — телеберүү, кайра катталган күн — 10.04.2019].

Последние новости