www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ата Мекен» партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын мүчөсү Сайдулла Нышанов бул партиядан чыгып жатканын жарыялады. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-февралда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
«Ата Мекен» партиясынын катарынан чыгып кетип жатам бүгүн. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем», – деди ал.
Белгилей кетсек, Нышанов 2005-жылы III чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.
Булак: NazarNews.kg