www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Айеркен Саймаитинин аты Кыргызстанга качан дүң боло баштаган? 2019-жылдын 29-майда «Азаттык» үн алгысы иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2011-2017-жылдары өлкөдөн 700 млн. доллардын тегерегинде акча чыгарылганын билдиргени баяндалат. Бирок мындай чет мамлекетке кетти деген жалган маалыматтарды бергени менен «Азаттык» үн алгысы иш жүзүндө документтер аркылуу бекемдей алган эмес. Айеркен Саймаити «Азаттык» үн алгысын пайдаланып, 100 миң доллар  «Азаттык» үн алгысынын журналистине берген деген маалыматты УКМК өкүлү билдирди.

2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулдун кафесинде Айеркен Саймаити киши колдуу болуп каза болот. Ушул эле жылдын 21-ноябрында “Бир бол” фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов ушул иштер боюнча депутаттык комиссияны түзүүнү сунуш кылган. Бул кылмыш боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жаткан УКМКнын өкүлү Самидин уулу Сагынбектин айтымында Айеркен Саймаити Кытайдан келип “Кара-Суу” базарында иш –аракеттерин баштаган. 2012-жылы ал Хабибула Абдукадыр менен таанышып, анын акча каражаттарын которо баштайт. Акчадан улам экөөнүн ортосунда 2016-2017-жылдары бири-бири менен болгон тескери көз караштар, карама- каршылыктар чыгат. Бул боюнча аныктай турган көптөгөн күбөлөр бар.

 2017 - жылы майда Хабибула Абдукадырдын тарапташтары Айеркен Саймаити 3 миллион доллар карыз экенин билдирип сүйлөшүүгө келишет. Айеркен Саймаити тескерисинче Хабибула Абдукадырдын 830 миң доллар карыз экенин айтат. Күбөлөрдүн айтымында ошол бойдон мамилелер бузулуп, Хабибула Абдукадырдын тарапташтары коопсуздук органдарына арыз жазышат. Ошондон соң Айеркен Саймаити Кыргызстандан кетет, Түркияда жүргөндө да Хабибула Абдукадыр менен мамилелер курч бойдон калат.

 Күбөлөрдүн айтуусунда Айеркен Саймаити карыздарын өндүрүп алуу максатында журналисттерди жалдап алып, маалымат менен сого баштайт. Ал «Азаттык» үн алгысына кайрылып, ага маалыматтарын берет. Айеркен Саймаити «Азаттык» үн алгысын пайдаланып, 100 миң доллар  «Азаттык» үн алгысынын журналистине берген. Ошол жылдары Айеркен Саймаитинин өмүрүнө коркунучтар туулган, бирок ал коопсуздук органдарына кайрылган эмес. Көптөгөн күбөлөр жана Хабибула Абдукадыр да чет мамлекетте болгондуктан, тергөөгө мүмкүнчүлүктөр болгон жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости