www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО- Сыдыман үйүн көрсөтүп, элден акчалай жардам сурады

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун учурда соттук иши өтүүдө. Анын айтымына караганда, жакынкы күндөрү чечим чыгат. Мындан улам ал социалдык баракчасы аркылуу элге үйүн көрсөтүп, акчалай жардам сураган.

"Прокурор мени 6 жылга камаш керек деген пикирин айтты. Түшүнөм бул анын иши. Мен азыр жашмын. Мен эмне үчүн сиздерден моралдык, материалдык, акча каражаты түрүндө  жардам сураганымды көрсөтөйүн деп чечтим. Мына менин үйүм", - деп үйүн көрсөткөн блогер. Аны менен бирге Сыдыман ЭЛСОМдон эсеп ачып, адвокатка да акчасы калбай калганын айтып, элден акчалай түрүндө да жардам сураган.

Сыдыман жергиликтүү булактарга маалымат берген.

"Эмоциямды башкара албай сөгүнгөм. Аны моюнга алам. Бирок мен Ош, Нарын, Талас, Бишкек деп бөлүп-жаруу оюма да келген эмес. Менин ошол билдирүүм аркылуу бирөө жарым жабыр тарткан да жок.

Ал видеону башкалар кесип алышып, коомчулукка таратып башташты. Ал тургай ырчылар дагы видеолор менен бөлүшүп башташты. Аларга жаман нерсе болуп кетпесин деп жаза баштадым. Бирок колун менен кылганды моюнун менен тарт дегендей кылышты. Мен ал учурда милициядан, мыйзамдан корккон эмесмин, коомчулуктун пикиринен, көчөгө баса албай каламбы деп коркком.

Андан кийин эле ИИМ, УКМК тарабынан үйгө чакыруулар келе баштады. Ал тургай үй-бүлөмө дагы коркутуулар болуп баштады. Анда мен Алматы шаарында жүргөм. Анан өзүм эле колго түшүп берейин дегенди ойлонуп, чек арадан өзүм эле кармалдым. Ал жерде мени ИИМдин кызматкерлери, сыртта УКМКнын кызматкерлери күтүп турушту. Ал жерде эки кызмат меники, сеники деп талашты окшойт, акыры Октябрь РИИБинин кызматкерлери мени алып кетишти. Буга чейин УКМКнын кызматкерлери келесиң, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кечирим сурап, балким, айып төлөп кетесин дегендей кылышкан. Бирок мени ИИМдин кызматкерлери 313-беренени коюп, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Анан эле баш коргоо чарам каралып, эки айга камалдым. Мамлекеттик жактоочу эч кандай жардам берген жок. Өзүм дагы бул эки-үч күндүк окуя, баары ордуна келет, кайра Алматыга кетем деп ойлодум. Ал тургай үй-бүлөдөгү ызы-чуу да токтойт деген үмүттө болдум. Анан эле камалдым. Же эч нерсе билбейм же эч нерсем жок. Анан энем чуркап, кайрылуу жасап, өлкө башчыбызга дагы кайрылды. Ошол адамдын жардамы тийдиби билбейм мен үй камагына чыктым. Ошондо эми баары бүттү деп ойлосом, көрсө сот деген нерсе бар турбайбы. Мен мыйзам, сот деген нерсе боюнча түшүнүгүм жок болчу.

Учурда соттук отурум өтүүдө. Тактап айтканда, кооптуу боло баштады. Менин видеомдун толук вариантын сот көргөн жок. Башында менин сөздөрүмө жасалган лингвистикалык экспертиза мени күнөөлүү деп таап чыкты. Ал эми кайра биз толук видеону көрүп, кайра экспертиза кылууну соттон өтүнсөк, алар канааттандыруусуз калтырды. Азыр карантинге байланыштуу досторум, мени колдойм деген адамдар сотко кире алышпай жатат. Болбосо сот ачык. Менин сотторго деле доом жок, алар деле өз ишин аткарып жатышат. Мен деле ыплас сөздөрдү айтканым үчүн күндө өкүнөм. Мен Ош облусунун тургундарын кантип жамандайм? Энем ошол жактан, досторум бар, тайкелерим ошол жактан болуп жатса, болгону мени сөккөн чектелүү гана адамдарга жооп бергем.

Азыр мамлекеттик айыптоочу мага 6 жыл сурап жатат. Мен корко баштадым. Себеби үй-бүлөмө жардам берип, каралашкан менден башка адам жок. Эми гана чоңоюп келе жатканда ушундай иш болуп, камалып кетсем кандай болот деген ойлор мени жеп жатат. Үйдө апам кан басымы көтөрүлүп, ооруп жатат. Ар бир сотто ар кайсыны уга берип, ооруп калды. Бөбөктөрүм дагы мени эмне болуп кетет деп ойлонуп отурушат. Менин жашоо шартым оор эле. Аны деле көргөзөм. Азыр жактоочуга ар кимден карыздап акча таап, берип жатабыз. Мага жардам берген эч ким жок. А мен аларга эмнемди берем. Бардыгын өзүбүз кылып келе жатабыз. Балким, бул менин акыркы кайрылуумдур. Камалып кетсем, үй-бүлөмө жардам берип койгула. Кийинки отурумда сот чечим чыгарса, балким, соттолуп кететтирмин. Азыр адилеттүүлүккө гана ишенип отурам. Мен сөгүнгөнүмдү гана моюнума алгам. Инстаграмдагы кыйын болгон бала бул менин образым гана. Тилим менен кылганымды моюнга алам, азыр дагы адилеттүү чечим күтөм.

Ошондуктан, башка дагы блогерлер ар бир сөзүңөрдү ойлонуп сүйлөгүлө. Мен ушундай берене бар экенин билсем, Оштун "Осун" дагы сүйлөбөйт болчумун", - деп билдирет блогер.

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган. Ал эми 28-февралда үй камагына чыгып, учурда соттук иши Октябрь райондук сотунда өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости