www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул постту көтөрмөлөп “лайк” басуунун жана туш тарапка таратуунун деле кереги жок! Айтып коюш керек, Саймаитинин Кыргыз Республикасынан акча каражаттарын чыгарып кеткени тууралуу видеонун кээ бир жерлери чындык. Маселе башка жакта болуп жатат...

Белгилей кетиш керек, мен эч кимди жактаган жокмун, мага демектен Матраимовдорду бүт бириктирип, Жээнбековдорду баш кылып Атамбаевдин катарына отургузуп коюшсун.

Эскерте кетейин, бул маалыматтарды кай жактан алган булактардын дайнын айтпайм! Төмөндө айтылып жаткандарга кошумча эч нерсе жок болгон соң, башка маек да бере албайм... Ооба, андан тышкары жашоону каалайм! Менден ушуларды жарыялап, коомчулукка жеткизип коюмду суранышты. Жашыргым келбейт, анын үстүнө акча төлөп беришти! Тергөө органдарына да көрсөтмө бере албайм, анткени мындан башка маалыматтарды билбейм, көздөрүмдүн көрүү сезимдери начар болгондуктан, кимдин-ким экенин да тааный албайм. Бул маалыматтар таптак чындык экенине чын жүрөктөн ишеним болбогон соң, балким жалган аралаш, балким чындык. Бирок маалыматтар абдан кызыктуу, азыркы кырдаалда болуп жаткан бардык баш катырууларды ордуна коёт. Мен ушул пост үчүн төлөнгөн 300 бакс үчүн ушуну жарыялоого макул болгонум жок. Менин жиниме тийип турганы кээ бирөөлөрдүн ушул кырдаалдан пайдаланып, чыр-чатактарды ырбатууну көздөп жатканы жана кээ бир депутаттардын саясий чөйрөдө упай топтогусу келгени чочутат.

Ушуну улантар алдында, бир нерсени билдиргим келет,  депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек  Сулайманов, Искендер Матраимов жана башка көзү өткөн Саймаитини тааныгандар менен менин жолугушум абзел эле, бирок сөзсүз жолугуш керек деп айта албайм. Талаш-тартышты жараткан Саймаитинин маеги катары көрсөтүлгөн видео шантаж катары даярдалган. Бул видео коомчулукка кеңири таанылардан мурун, көптөгөн атка минерлер менен депутаттардын кол алдынан өткөн. Бул видеонун авторлору чоң суммадагы акча берүүнү талап кылышкан, шантаждын курмандыгына кабылгандар алардын бул умсунуусун суу сепкендей өчүрүп, аларга мынча акча эмес, таш балээ жок экенин айтышкан соң, компромат ээлери бул материалдарды журналисттик иликтөөлөрдүн жыйынтыгы катары коомчулукка тартуулашкан.

Көңүл буруп байкагандарга Саймаити бир гана ирет өзүнө жардам сурап кайрылбайт... Саймаити өзүнүн күм-жам болорун, алдын-ала доңуздай сезип журналисттерге кайрылганы тууралуу баяндалат. Арийне, бул баяндоосу журналисттердики экени жыттанып турат. Чынында өзүнүн өлүмү жакындап келе жатканын сезип, өзүнүн жашоосу коркунучка кабылган адам адатта минтип билдирет: “кокустан менин башыма күн түшсө ушуларды коомчулукка жарыялап коюңуздарды суранам” жана башка ушул сыяктуу. Бул жерде Саймаити бир гана өзүнүн кылган иштерин жана кимдер менен иштешкендери тууралуу гана айтып жатат. Ал өлкөнү милиция жана сот куугунтук кыларынан чоочуп таштай качканын түшүндүрөт. Андан тышкары, документтердин себебинен крим дүйнөнүн өкүлдөрү байланышка чыгышып, анын көзүн тазалайбыз деп коркутушканы тууралуу сөз болот.

Ушул материалдарды өзүнүн жашоосу коркунучта калган адамдын жүзүн көрсөтүү үчүн маалымат катары берип жатышат. Саймаити Стамбулда дээрлик жашоо каражаттары жок калган, элге жалпак тил менен айтканда, кээ бирөөлөрдөй ичкенге тамагы, жегенге наны калбай калып эмес, ал өзү көнүп калган акча каражаты жок калган. Эгерде, дааналап караган адамдарга бул видео кандайдыр бир максат менен даярдалганы айдан-ачык сезилип турат.

Өзүн кимдир-бирөөлөр жок кыларын сезген адам, аны өлтүрө тургандар ким экенин, аларга эмне себептен анын өлүмү керек экенин өзү билгендерин ырааттуу жазып, жүйөөлүү далилдер менен конкреттүү бекемдеп айтмак эле. Бул жерде акчалар жана башкалар чар жайыт, күүгүмдөлүп, түшүнүксүз берилгени сезилип турат.

Менин “конфиденттеримдин” (ачылбаган сырларды ишенген адам) айтуусуна караганда Саймаитинин аркасынан Хабибулла жана эки адамды жөнөтүшөт. Саймаитинин өлүмүнө Кытайдын атайын кызматтары тиешелүү. “Бир алкак, бир жол” мамлекеттик долбооруна байланыштуу, ал кандайдыр туура эмес кептерди айткан. Кийинки боло турган эки курмандыктын аты-жөнү айтылган эмес, ал эми Хабибулланын көзүн жакында тазалайт. Андан тышкары бул “конфиденттердин” айтуусунда Саймаити башка мамлекеттерден келген өнөктөштөрүнө шантаж жасаган. Жогоруда аталган депутаттар менен жолугушкум келип турат, бул жашыруун маалымат мырзалары сөз жүзүндө бир топ кайрылууларды жөнөтүшкөн эле. Эч жашыруун деле эмес бул журналисттерге, биздин тергөөчүлөргө жана Түркиянын полициясына көптөгөн түйүндүү суроолорду бермекмин. Бул жерге ал маселелерди жазуу, абдан постту узартып жиберет. Чындыгы, көп суроолорду эстегеним деле жок, а бирок, анча-мынчасын жаза кетейин:

  1. Ушул видео коомчулукка тарап кеткиче, кимдир-бирөөлөр шантаж жасашканбы? Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек  Сулайманов, Искендер Матраимовго ошол эле басылмадан шантаж болгону тууралуу “үтүрүнөн чекитине” чейин айтып берсе жакшы болмок.
  2. Журналисттик иликтөөлөрдүн жыйындысы катары сүрөттөлгөн, Саймаитиге тиешелүү видео материалдардын көчүрмөсү, чын эле ал тарабынан жөнөтүлгөнүн (!) журналисттерден толугу менен билишибиз керек. Анткени, “конфиденттердин” айтуусунда Саймаити өнөктөштөрүнө жана башка тиешелүү адамдарга, анын ичинде жогоруда айтылган айрым депутаттарга ушул видеону өзү жөнөткөн.
  3. Тийшелүү орган журналисттер менен видео байланышка чыккан күндү, саатты, минутунан өйдө конкреттүү такташ керек. Андан тышкары ушул депутаттар менен бийлик өкүлдөрү Түрк полициясына Стамбулда жашаган жерлерди жана ижарага алган автомашиналарды жана банк уюктарын тактап, билдириши керек. “Конфиденттердин” айтуусунда Саймаити үч батирде жана Стамбулдун дал өзүндө жана ага жакын жайгашкан аймакта бирден отелде жашаган. Атайын ыйгарым ижара бере турган фирмадан төрт автомашина прокатка алган. Андан тышкары бир топ банктарда банк уюктары болгон. Саймаитинин ар кандай ысымда, ар кайсы мамлекеттин төрт паспорту болгон.

Дагы бир эскерте кетейин, бул маалыматтар “калыпка салып” тактала элек, ошого карабастан ушул окуялар боюнча көз караштардын бири катары таанылууга укугу бар.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости