www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр 13-августа Саламаттыкты сактоо министрлигинин Үй-бүлөлүк медициналык борборлорду оптимизациялоо боюнча буйругу чыккан.

Бул буйрукка ылайык, атайын адистеги врачтарды профилин өзгөртүп, кайрадан 4 ай окутушмак. Муну деген гинеколог 4 айдан кийин педиатр болот, педиатр 4 айдан кийин терапевт болот, терапевт 4 айдан кийин гинеколог жана педиатр болот деп түшүнсөк болот.

“Укмуштуунун төөсү жорго” деген ушул. Даарылоо ишинде бир күн иштебеген министр Космосбек Чолпонбаевдин реформасы космостогу келгиндердин реформасына окшошуп эле жатып калды. Жыйынтыгы кандай болду? Азыр балдарды гинекологдор, аялдарды педиатрлар дарылап баштадыбы же жокпу? Же бул башаламан буйругуңарды токтоттуңарбы?

Чындыгын айтса, сиздин чакчелекей реформаңыздан кийин ооруканага барып кереги барбы деп да ойлонуп калдык. Билим берүү министрлигинде катасы жок туура жазалбагандар отурса, дарылоо ишин фармацевт келип реформа жасайт. А премьер-министр болсо “КТ Мобайл” реформасы менен эле алек.

Ден-соолугунан кыйналган адамдын биринчи үмүтү дарыгерлерде болоору анык. Бирок, учурдагы дарыгерлердин басымдуу бөлүгүндө жетиштүү билимдин жоктугун ар бир экинчи оорукчан айтып бере алат. Анын бир мисалы бул. 80 жаштагы Зоя Жумаева дарыгерлер жардамды өз убагында көрсөтпөгөнү үчүн жарык жашоо менен кош айтышты. Маркумдун уулу “дарыгерлердин шалаакылыгынан апам каза тапты”,- дейт. Болуп өткөн окуяларды талдап көргөндө анын чындыкты айтып жатканына ишенесиң. Зоя Жумаева – саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери, кырк беш жылдан ашуун борбордогу төрөт үйлөрүнүн биринде иштеген, миңдеген наристелердин жарыкка келишине кам көргөн, а бирок алар аны сактай алышпады.

А бирок Жумаева өмүрүнүн акыркы күндөрүндө жардам сурап кайрылган дарыгерлер өздөрүн күнөөлүү эсептешпейт. Алар ал турмак Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен иш кылышканын да айтышат.

Бирок, кээ бир дарыгерлер Жумаева менен болгон окуяны аңдап көрүшүп, аял “өз убагында ооруканага жаткырылса, шашылыш жардам көрсөтүлсө, анын өмүрүнө коркунуч келтирилбейт болчу” - дешет. Бирок, жарым сааттан ашык убакыт Тез жардам унаасы аны бир ооруканадан экинчи ооруканага ташып, жардам көрсөтүү экинчи планга сүрүлүп кеткен. Маркум Жумаеванын жакындары так диагноз коюу үчүн дарыгерлер аны томографияга жөнөтпөгөнүн айтышат. “Анткени, мындай текшерүү жүргүзүү үчүн өзгөчө көрсөтмө болушу керек. Жумаевада инсульттун белгилери жок болчу. Эгер азыраак эле белги болсо мен аны текшерүүгө жөнөтмөкмүн”, - дейт дарыгер.

Маркумдун балдары энесин акыркы сапарга узаткандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз жазышкан. Дарыгерлердин шалаакылыгы боюнча. Министрликтен арыз 14 күндөн кийин гана каралаарын айтышкан. Бирок, эки жума турмак, кырк күндөн кийин да Саламаттыкты сактоо министрлигинен жооп болгон эмес. Мындан улам алар министр Космосбек Чолпонбаевдин өзүнө жолугуу максатында кабылдамасына жазылышкан. Ал жакта иштегендер министр Космосбек Чолпонбаев качан кабыл ала турганын бир сааттан кийин телефон чалып билдирерин айтышкан. Анткен менен бир сааты бир нече күн, андан кийин айга созулуп, дагы деле министр Космосбек Чолпонбаевдин кабыл алуусуна жете алышпай жүрүшөт.

Айыгам деп барган оорулууларга дарыгерлердин болгон кайдыгерлиги биринчи көрүнүш эмес. Тилекке каршы биздин салттуу өнүгүп келе жаткан медицинабызга кайдыгер жасалган реформа, жөнөкөй ишти татаалдаштырган оптимизациялоонун зыяндары дагы алдыда. Космосбектин баш аламан реформасынын крышасы Акүйдө эмей эле, космосто олтурат окшойт, - дейт “Майдан. kg” гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости