www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасында, “Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок”,- деп билдирүү калтырып, үй камагына чыкканын айтып, тергөө кызматы менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле Салянова тарапташтарына ыраазычылык билдирди.
Эске сала кетсек, 15-август күнү Биринчи май райондук соту Аида Салянованы атайын келишим менен үй камагына чыгарган.
Аида Салянова Батукаевди 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоткондугуна байланыштуу 3-июнда Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Аида Салянова мурдагы президент Атамбаевдин убагында Башкы прокурор болуп турганда ткыргыздын бир нече мыкты жигиттерин темир тор артына тыккан.
Булак: NazarNews.kg