www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камила Дүйшебаеванын өлүмү боюнча башкы күбө, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Эльтуйбасов жоопкерчиликке тартылбайт. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.
Буга чейин Насирбек Алмаматов Калыбек Эльтуйбасовго каршы жалган көрсөтмө бергендиги үчүн жактоочу ага кылмыш ишин ачууну өтүнгөн. Алмаматовдун берген көрсөтмөсүнөн кийин Эльтуйбасов күбөдөн шектүүгө айланган.
“Насирбек Алмаматов Камила Дүйшебаеванын өлүмүнөн мурун саунада достору менен эс алып жаткан видеону Эльтуйбасовдун тапшырмасы боюнча өчүрүлгөн деп жатат. Ошондуктан мен Насирбек Алмаматовго жалган көрсөтмө бергендиги үчүн кылмыш иши козголсун деп өтүнгөм. Бирок, прокуратура баш тартты”,- дейт Чынара Жакупбекова.
Ошондой эле, жактоочу Чынара Жакупбекова Эльтуйбасовго ачылган кылмыш иштерин токтотууну да өтүнгөн.
Эске салсак, Камила Дүйшебаева 2014-жылы 10-мартта сырдуу жагдайларда каза болгон. Анын жансыз денесин Байтик айылындагы көрүстөндөн табышкан. Бул окуя коомчулукта резонанс жараткан, себеби ММКларда белгилүү адамдардын аттары аталган. Беш жылдан бери милиция кылмыштын бетин ача албай келет.
Булак: NazarNews.kg