www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаныбарларды коргоочулар Непалдагы Гадхамаи кудайына курмандык келтирилип жаткан жүздөгөн букаларды, буйволдорду жана башка үй жаныбарларын сактап калганга аракет кылышканы менен бул салтты кармагандарды токтотуп кала алышкан жок.
Непалда Индияга чектеш аймакта жайгашкан Гадхамаи храмында өтүп жаткан диний фестиваль 5 жылда бир жолу болот. Фестиваль дүйнөдөгү эң кандуу жыйналыш катары белгилүү. 2009-жылы зыяратчылар башка (эчки, көгүчкөн, келемиш) жаныбарларды эсептебегенде 500миң буйволду курмандыкка чалышкан.
Бир канча жыл мурда жаныбарларды коргоочулар, кайрымдуулук уюмдар Гадхимаи кудайынын ибадатканасындагы кызматчылар ибадаткананын ичинде жаныбарлар союлбайт деген убаданы беришкен.
“Биз динге ишенүүчүлөрдөн тирүү жандыктарды сойбошун гана сурана алабыз, буйрук бере албайбыз. Бирок, салт толук токтобойт”,- деп 2015-жылы билдиришкен
Непалдын жогорку соту элди кандуу салтты токтотууга чакырган. Ал эми кошуна өлкө Индиядан зыяратка бир миллиондон ашуун адамдар барышкан.чек арага быйыл поссттор коюлуп, мал саткан содагерлерден жаныбарлары алынып коюлду. Бирок, бул бейшембинин таңы да адаттагыдай көгүчкөн, эчки, тоок, чочко, келемиш өңдүү жаныбарларды союу менен башталды. Салттын эң негизги курмандыгы-буйвол. Бүгүн да 200 киши аларды союуда. Таш боорлук.
Жаныбарларды коргоочулар мындай кан төгүү пайдасыз жана мыкаачылык дешет .Салттуу кан төгүүнү токтотуу үчүн «гумандуулук үчүн эл аралык коому» жана Animal Equality уюму биргелешип кол топтошууда. Animal Equality даярдаган видеоролигинде уюмдун активисттери бул салттын чыгымы, мыкаачылыгы, балдардын психологиясына зыяндуулугу жөнүндө айтышат. Фестивалга келгендер бир канча күн жол жүрүп үй-бүлө мүчөлөрүн да алып келишет. Жаныбарлар жолдо келе жатканда да укуктары бузулуп, чыдагыс шартта тамаксыз, байланган боюнча же кичинекей тосмолорго тыгып алынып келинишерин жаныбарларды коргоочулар айтышат.
Мындай “майрамдын” каршылары жаныбарларды сойгон кишилерде гумандуулук боюнча түшүнүк да жоктугун белгилешет. Бир эле сокку менен жаныбарлар өлбөй калып, бул иш-чара бир канча убакытка созулуп да калат. Зыяратчылар Гадхимаи кудайынын күчүнө, курмандык аларга ийгилик алып келерине ишенишет. Фестивалга ар жыл сайын эки миллиондой адам келет. Буйволду союуга тандалган кишилер гана укуктуу. Калган адамдар ырахаттануу менен байкап турушат.
“Менин 4 сиңдим бар эле, мен Гадхамаи кудайынан ини сурагам. Ал аны берди”,-деп билдирет Приянка Ядав.
25 жаштагы Сабу Сахани Индиянын Бихара айылынан келген: “Мен ушу жерде экендигиме бактылуумун. Кудай мени угат, биз балалуу болбой жатканбыз, кийин аялым кыз төрөдү”,-деп сүйүнөт ал. Бул жылы Саханинин үй-бүлөсү курмандыкка эчки алып келген.
Гадхимаи кудайынын кызматкери 10-муундагы Мангал Чаудхари жаныбарларды массалык өлтүрүү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок, фестивалга жылдан-жылга көп адам келип жатканын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg