www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Данияр, Айсалкын, куш бооңор бек болсун! Үй-бүлө куруп бир мамлекетти түптөдүңөр. Жар болуу кандай сезим экен?

Данияр: — Чындыгында, үйлөнгөндөгү сезим концерт койгондогу, туулган күн өткөргөндөгү сезимдерден бөтөнчө экен. Учурда биз Куршабдабыз, жубайым ата-энеме кызмат кылып жатат. Кудай буюрса, Жаңы Жылдан соң Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров берген жолдомо менен Дубайга барып эс алып келүүнү пландап жатабыз. Ата-энемдин болсо кубанычтарында чек жок. Айсалкынды мурда ата-энем менен тааныштырып, сынатып көргөн эмесмин. Сүрөтүн эле көрүп жүрүшчү, той күнү эле таанышышты. Негизи, алар башынан эле «уулум, башкысы, бири-бириңерди сүйсөңөр болду» деп айтышчу.

-Айсалкын, жаңы бүлөгө көнүп жатасыңбы?

— Мени ата-энебиз өз кызындай кабыл алышты. Тойдон кийин да үйгө көптөгөн коноктор келип жатышты. Ошондо дагы апам үч күн көшөгөдөн чыгарган жок. Эми гана чыгып кызматымды кыла баштадым.

-Негизи, экөөңөрдү тагдыр кайдан табыштырды эле?

Д: — Айсалкынды биринчи мен тойдон көргөм, ошондо бир көрүп эле жактыргам. Издеп жүрүп телефон номерин таап, биринчи кадамды таштагам.

-Айсалкын, Данияр чалганда ырчы экендигине ишендиң беле?

— Биринчи жолу чалганда ырчы Данияр экендигине анчейин ишенген эмесмин. Айтканда деле аралыкты кармап сүйлөшчүмүн. Ошентип сөздөн сөз чыгып, ар кайсы темада сүйлөшүп, аны талкуулап жатып эле, көз карашыбыз, оюбуз туура келип жакшы сүйлөшүп калганбыз. Ошентип жакындан кандай адам экендигин билгенден кийин ортобузда сезимдер пайда болду.

А ата-энең ырчы жигитке турмушка чыгарыңды кандай кабыл алышты?

— Данияр менен алгач сүйлөшүп баштаганда ата-энеме айткан эмесмин. Өзүм толук ишенип, жактыргандан кийин гана апама айткам. Качан гана үйлөнүү тууралуу сөз болгондо апам атама айтты. Чындыгында, атам таң калып, “ырчыга турмушка чыкса кандай болот?” деп бир аз сарсанаа болду. Бирок караманча каршы болгон жок. Анан апам экөө кеңешип, ойлонуп көрүп макулдугун беришти. Ата-энем менин тандоомо каршы чыкпаган, түшүнүктүү адамдар.

-Эки ай эле сүйлөшкөнүңөрдү билебиз. Бул кыска убакытта бири-бириңерди толук билүүгө жетиштиңерби?

Д: — Бул суроону көптөр берип жатышат. Адамды бир жума же он күндө деле билсе болот экен. Биз эки айда бири-бирибизди кенен тааныдык, бул аябай кыска убакыт деп ойлобойбуз. Интервьюларымда деле “эгерде сүйүктүүмдү тапсам, дароо эле үйлөнөм” деп айтчумун. Баары ошондой болду.

-Тойдо 800 конок болуптур. Баарына көңүл буруп жетиштиңби?

— Чындыгында, келген коноктордун саны андан да көп болду. Биздин жакшылыкты тең бөлүшкөн конокторубузга ыраазыбыз. Ага-тууган, инилер, досторубуздан тышкары Жогорку Кеңештен сыйлуу коноктор, күйөрмандарым дагы келишти. Тоюбуз ичкиликсиз өттү, ошентсе дагы келген коноктордун баары чын жүрөктөн ырдап, бийлеп шаңдуу отурушту. Анан эптеп адамдын санын көбөйтүп эле чакырып алган жокмун, бардыгы менин жакындарым. Көңүл бурулбай калса капачылык болбосун деп конокторума алдын ала эле эскерткем. Ошентсе да болушунча көңүл бурганга аракет кылып жаттым.

-Айсалкын, үйүңө чубалган унаалар барып жолду тыгынга учуратыптыр. Жүзгө жакын адам барып сени алып кетерин билчү белең?

— Жолдошум башында эле достору көп экендигин айткан. Үйдөгүлөр деле “ырчы болгон соң достору көп” деп ошого жараша даярдандык, баары батышты. Эшикте калган адам болгон жок.

-Өкүл ата катары Аман Ибраевди тандапсыңар. Мурдатан эле көздөп жүрдүңөр беле?

Д: — Мен өкүл ата катары эсептеп, ойлонуп жүргөн агаларым өтө көп. Ошолордун арасынан Аман Ибраевди эки жыл мурда эле тандагам. Өзүнө айтсам толкунданып, сүйүнүп кабыл алган. Ошондон бери эле өкүл атам деп жүрчүмүн. Тойдо да жакшы кызмат кылып, өкүл аталык, апалык милдеттерин жүз пайызга аткарышты.

-Тойдо өзгөчөлүктөр көп болду. Маселен, жар-жарсыз эле жетелешип кирдиңер, бир туугандар ырдашты. Дегеле тойдун идеясы кимдики эле?

Д: — Тойдун күнү белгиленип, жакындарым менен кеңешип отурганда апам: “Балам, “Апамдын болчу келини” деген ырың менен өзүң эле алып кирбейсиңби?” деген сунуш айтып калды. Бул идея мага аябай жагып, жубайымды өзүм эле алып кирдим. Эжем дагы менин “Бир тууганым” чыгармамды аткарып сюрприз жасады. Муну күткөн эмесмин. Тойдогу дагы бир өзгөчөлүк – шагыратып бардык конокторду тостко чыгарган жокпуз, жалаң оюн-зоокторду уюштурдук. Тойдун башка түйшүктөрүнүн баарын бир туугандарым менен кошо менеджерим Бурул моюнуна алды.

-Айсалкын, эмне менен алексиң? Инстаграмдагы баракчаңдан “модель” деген жазууга көзүм түштү эле

— Мен Өзгөн районуна караштуу Мырзарык айылынан болом. Үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. 20 жаштамын. ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинде окугам. Кытай тилинде эркин сүйлөйм, котормочумун. Мен моделдик агенттиктерде деле иштебейм, болгону, окуу жайдан же инстаграмдан көрүп калып “биздин дүкөнгө модель болуп бербейсиңби?” деген сунуштар көп болуп, моделдик чөйрөгө азыноолак киришип калгам.

-Данияр интервьюларында ар дайым «жубайым үйдө отуруусун каалайм» деп айтар эле. Мындай шартка кандай карайсың? Же Данияр, сиздин оюңуз өзгөрдүбү?

А: — Данияр менен сүйлөшүп баштаганда бүт интервьюларын көрүп чыккам. Андыктан бул тууралуу кабарым болгон. Буга туура эле көз караштамын. Ошондуктан балалуу болгучакты үйдө эле отуруп, андан кийин балдарымды кароо, тарбиялоо менен эле алек болом.

Д: — Оюм азырынча өзгөрө элек. Өзүм эле багам. Балким, бала-чакалуу болуп, алар чоңойгондо салон ачып иштетип же болбосо кесиби боюнча иштеп калуусу мүмкүн. Муну да убакыт көрсөтөт.

-Айсалкын, Данияр мырзанын күйөрман кыздары көп, анын үстүнө чыгармачыл адамдар үйгө токтошпойт эмеспи. Мындай жашоого даярсыңбы?

А: — Негизи, биз бири-бирибиз менен сүйлөшүп алып, толук түшүнүшүп, ушундай жашоону элестетип көрүп анан мамилебизди элге жарыялаганбыз. Күйөрмандарга туура эле көз караштамын, аларды сыйлайм. Азыртан эле чалгандар, кат жазгандар болуп жатат. Жолдошума ишенем, телефонун текшерип, чукулабайм. Өзү деле башынан эле “телефонумду чукулабай эле койгонуң жакшы, күйөрмандарым менен мурда кандай мамиледе болсом, ошондой эле болом, мени ырчы кылган күйөрмандарым” деп айткан.

Эми жашооңор кайда уланат?

Д: — Биз айылда деле, Ош, Бишкекте деле жашай беребиз. Буга үйлөнгөнгө чейин эле шарт түзүп, даярданып койгом. Эгерде мен гастролдо болсом келинчегим ата-энем менен калып турат.

-Маегиңерге рахмат! Бактылуу болгула!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости