www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда өкмөткө каршы акцияда 208 адам жашоо менен кош айтышканын «Эл аралык мунапыс» уюму 2-декабрда билдирди.
Батыш булактары курмандыктар мындан көп экенин айтууда. New York Times гезити 450 адам көз жумганын жазды. Анда миңдеген кишилер камакка алынган.
«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Иран бийликке каршы нааразычылыкты күч менен басуунун деңгээлин жана андагы курмандыктардын санын азайтып көргөзүп жатканын билдирген.
Иранда толкундоо өкмөт бензин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизүү тууралуу чечимин жарыялаган соң, 15-ноябрда башталган. Ал 100гө чукул шаар-кыштакка жайылганы кабарланган.
Эске салсак, бир нече күн мурун дүйнө жүзүндөгү интернеттин абалын иликтөөчү "NetBlocks" уюму Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдаган. Буга мунайдын баасынын кымбатташынан улам митингдер күч алып, ал бир нече шаарларга тараганы себеп болгон.
Булак: NazarNews.kg