www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайма ээлерине...
ИСКУССТВО деген эмне?
Роза Отунбаеванын видиосун көрдүм. "Айылдыктар, мырктар" деген сөзүн уктум.
Эми, менин өзүмдүн жеке пикиримде Роза эжейибиз өзү искусство деген эмне экенин жакшы түшүнө бербегенин баамдадым.
Биринчиден, искусство деген эмне?...
Искусство - деген эң жогорку даражадагы адамзатты таң калтырган чыгарма.
Ал чыгарма жаңы табылга, идея, ойлорду өзүнө камтыган, жашоодо жок жаратман ачылыштарды жараткан, идеологиялык ой багыты адамзаттын гүлдөп өсүшүнө багытталып, адамдын көкүрөк көөдөндөгү сезимин ойготууга өбөлгө болгон опол тоодой салымы зор, касиеттүү жаңылык коштогон чыгарма.
Ошондой чыгарма болсо гана: "Мына анык искусство экен!"- деп сен айтпасаң да ички сезим дүйнөң өзү эле кубанганынан чыңырып айтып жибере турган чыгарманы анык искусство деп айтабыз.
Искусство - бул эң жогорку чеберчилик. Ал адамзатка кызмат кылат. Искусство - адам үчүн жаралат. Анык чебердин же эң таланттуу адамдын колунан жаралган мыкты чыгармасы. Буну адам жасаган жок деп таң калуудан улам искусство деп аталып калган. Искусство ар бир пендеге тиешелүү. Аны бөлүп кароо мүмкүн эмес. Искусство өзүнүн таң калтырган касиети менен адамдарды өзүнө тартат жана жакшы жашоого жетелейт....
Искусство - элге таандык!
Сен бир нерсе жаратсаң. Ошол жараткан чыгармаң тарыхый өзгөчөлүккө ээ болуп, элге жакса, ал чыгарма искусство ээси болуп, элдин менчиги, Мамлекеттин менчик мурасына айланат...
Анан кантип искусствону шаар анан айыл деп бөлө аласың? Искусство эч кимди ак-кара деп бөлбөйт жана улут тандабайт. Искусствого аралык мейкиндиги дагы таасир эте албайт. Автордун картинасы үчүн дүйнөнүн аркы бетиндегилер көрүп, сыйлап жакшы көрүшө берет. Искусство өзүнүн сыйкырлуу касиети менен өзүнө арбап алат. Искусство ошондой сыйкырдуу касиетке ээ...ошон үчүн искусство деп аталат. Өзүн сыйлаган таланттуу адам ар качан, кандай гана чыгарма жаратпасын жакшы чыгарма жазайын деп аракеттенет, жаман чыгарманы алып чыкпайт.
Ыплас нерсени алып чыгып анан аны акылдуу же акылсыз адам, шаардык же айылдык түшүнөт деп айтуу акылга сыйбаган нерсе. Акыл ээси ордундагы адам антип айтпайт.
Апчебиз адашты...
Ойлогон план ишке ашкан жок.
Кыргыз эли "мырк" эмес...
Кыргыз эли даанышман, акыл калчаган эл ойносо да, ойлоп сүйлөш керек!
Ушундай адам Мамлекетибизди башкарганына таң калып олтурам....
Мамлекетти таштап чыгып кетүүсүн талап кылам. Ушул иш чараларын чет өлкөдө жасай берсин каршылык жок», -деп Асан Турсункулов  фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости