www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салыгын жашырган ишканадан  миллиондор өндүрүлдү

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы (Финпол) мамлекеттик бюджетке 143 миллион сомдук чыгымдын ордун толтуртуп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган кызмат 8-январь күнү "Ц." ЖЧКсына карата салыкты жашырып коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшүн ишке ашырды.

Анын натыйжасында, ишкана жергиликтүү финансы органы аркылуу мамлекеттик бюджетке 93 миллион 283 миң сом төлөп берди. Ал эми Бирдиктүү депозиттик эсепке 50 миллион сом төккөнү маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости