www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде Кытай жактан “катуу вирустуу шамал“ ура баштады. Вирустуу шамал ура электе эле “Дордойдун” эшик шыпыргычы Аманбай Кайыпов Салымбековдун алаасында жөргөлөп жүрүп, Атамбаевдин таманын тили менен тазалап Нарынга губернатор болгон. Кытайлыктарды көрсө кыңшылап жата калган Аманбай Кайыпов “Республика-Ата-Журт” партиясынын мүчөсү, ноокаттык Махабат Мавлянованын кулагына шыбырап койгонбу, ал парламентте кытайлыктарды визасы жок кийирели деп кан-какшап жүрүп, бул жашоодон, тоюз бул парламенттен өтүп кетмей болду. “Контейнер –губернатор” Аманбай Кайыпов кулакка шыбыраганды жакшы көрөт, ал ЖКнын тоо-кен, алтын комитетин жетектеген Кожобек Рыспаевдин кулагына шыбырап жүрүп Солтон-Сары алтын кенине, Жетим темир кенине, Кара-Кече көмүр кенине жана башка ушул сыяктуу кендерге 10 пайыз “доляга” туруп, чириген байга айланган. Бирок Салымбековдун бучкагына тең келе элек,дале вассалы болуп жүрөт. Анткени, илгери Салымбеков Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүдө “тёзкасы” Аскар Акаевге кандай кызмат кылып берсе, “Контейнер –губернатор” Аманбай Кайыпов да Ат-Башыга логистикалык борбор курууда безеленип ошондой кызмат өтөп берип жүрөт.

Кеп логистикалык борбор жөнүндө болсун. Логистикалык борборлор учурда ач-карын отурушкан кыргыз эли үчүн абдан керек. Бажы Биримдигинде союздаш Казакстан тарапка курулган логиститкалык борборлор дыйкандар үчүн эң керектүү базага айланган. Бирок, кытайлыктар тарапка логистикалык борборду куруштун кереги барбы? Ушул маселе боюнеча Ат-Башынын эли логистикалык борбордун курулушуна каршы болуп, митингге чыгып жатканда “Контейнер –губернатор” Аманбай Кайыповдун Көк үйдө жанталашып логистикалык борбор курабыз деп чуркап жүргөнү элдин көйгөйүнө жооп бере алабы?

Контейнер мектептин азабынан иштен кеткен Нарындын  мурдагы губернатору Аманбай Кайыпов Стамбулдагы башкы консулдугуна бара турганы каңкуулана баштады. Анткени азырынча ал так эмес, айрым маалымат каражаттарынын ишенимдүү булактары айткандары гана. Ошентсе дагы чети угулган ушактын төркүнү бизде чын болуп чыкчу эле. Болбосо Кайыпов, облус башкармалыгынан кеткени менен атттан түшкөн эмес. Учурда ал Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеп жаткан.

Акыркы мезгилде “Контейнер –губернатор” Аманбай Кайыповдун Көк үйдө, Мухаммедкалый Абылгазиевдин кабинетин айланчыктап чуркап калганынын себеби ушул болуп жүрбөсүн. Ал эми, айтылып жаткан Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу кызматынын орду азыркы тапта бош. Анда ишкер Айеркен Саймаитинин киши колдуу болуп өлгөнүнө чейин Эркин Сопоков иштеп келген. Учурда бул киши кызматтан бошоп, камакка алынган. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковдун орду чоңбу же Өнөр жай, энергетика жана жер ресурстары боюнча комитеттин төрагасынын орун басарынын орду чоңбу, муну Аманбай Кайыпов билет. Негизи 700 миллион доллар менен байланышы бар Стамбулдун башкы консулу акча тарапка жакшыраак окшойт. “Дордойдо” жүрүп акчанын жытын жыттап калган Аманбай Кайыпов акча каяктан жыттанарын билип турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости