www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Самара Каримованы Оштогу Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайга дайындоо боюнча буйрукту Маданият министрлиги жокко чыгарды. Министр Азамат Жаманкулов дайындоо мыйзамсыз болгонун билдирди.
«Самара Каримова мен кызматка келгенге чейин 24-октябрда дайындалган. Эки күндөн бери документтерди териштип, дайындоо мыйзамсыз болгонун аныктадык. Буйрукка стат-катчы Өзбекстанда жүрүп кол койгон, бул мыйзамсыз. Мен өз буйругум менен Самара Каримованын дайындалышын бүгүн жокко чыгардым», — деди Жамангулов.
Буга чейин дагы Самара Каримовага Сулайман-Тоо музейине директор кылып дайындашкан. Бирок ага карата бир топ сын пикирлерден кийин ал Сулайман-Тоо музейине директор болуудан баш тарткан.
КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алуусу да бир топ чырлар менен коштолгон. Канчалаган сындар айтылып, наамын кайтарып алыш керек татыксыз дегендерге карабастан наамдан баш тарткан эмес.
Булак: NazarNews.kg