www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кандай кырдаал болсо да, позициясынан тайбаган, мекенчил инсан Самат Аалиев менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган жагдайлар тууралуу баарлаштык.

-Саясатта ар кандай кыймылдар болушу мүмкүн, ошонун ичинде тирешип калган шериктердин кайра элдешүүгө аракеттери. Мурунку президент Атамбаев менен азыркы өлкө башчыбыз Жээнбеков убагында дос мамиледе болгондорун айтып келишкен. Бирок, акыркы убактагы болуп жаткан окуяларга көңүл бурсак, Атамбаевге жакын саясий ишмерлердин көбү камакка алынып, же өлкөдөн чыгып кетишкен. Ал эми Жээнбековдун тегерегинде, жаңы саясий элита түзүлүүдө. Саясатчылар келишсе да, тегерегиндеги элдер келишпесе, эч кандай элдешүү болбойт. Аны менен бирге коомдун пикирин эске алсак, көпчүлүк убакта мурунку президентти катуу сынга алган сөздөр айтылууда. Керек болсо камакка алынсын дегендер да бар. Мындай шартты азыркы президент ойлобой койбойт. Аны менен бирге, КСДП Атамбаевсиз кыймылы азыркы бийликтен колдоо албаса мындай деңгээлге жетмек эмес. Ошонун баарын эске алсак, Атамбаевдин элдешүү жөнүндөгү сөздөрү, бул калың публиканын астындагы оюн аракети деп билсек болот. Баары алдыда..

-Атамбаев коррупция  менен күрөштүн укуругу мага да илинип калат деп кооптонуп жатабы?

-Элдешүү ойлору чын болсо, мындай шарттар эл алдында эмес, жеке жолугууда чечилет. Мунун баары коомдук пикир жаратуу максатында жасалган кадамдар деп ойлойм.

- Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынгандан бери “мыйзамсыз баюуу” деген берененин алкагында коррупционерлердин капчыгын кагуу, жоопко тартуу  аракети башталдыбы?

-Зилалиевди камака алуу, албетте, коррупция менен күрөшүүгө жатат. Бирок, бул кызмат тыянагын колдонуп баюунун миңден бир эпизоду. Мындай коррупционерлер азыркы президенттин тегерегинде деле аз эмес. Ошолорду кошо камакка алса, анда накта коррупция менен күрөшүү башталды десек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости