www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда эки шайлоо округу түзүлгөн. Негизи нарындыктар 98 пайыз кыргыздар, кыргыз эместер деле кыргызча сүйлөп киришет.Самыйкожо Кочкор округу боюнча Ормон баш болгон экс-депутаттар Абтандил Кулбараковду, экс-депутат, экс-министр Дамира Ниязалиеванын кепек ордуна көрбөй парламентке депутат болуп келди. Баса, Абтандил Йулдызович эл ойлогондой татар эмес. Кулбарак аксакал балалуу болбой жүргөндө Куйручук батасын берип, балалуу болосуң, атын башкача кой деп, татарча Йулдыз деп коюптур. Андан Абтандил чыгып ким президент болсо президенттик жарышты Жумгалдан баштап, өзү орденге татыктуу болуп,чамгарактап турчу. Дамира Ниязалиева менен сүзүшө кетип ортодон Самыйкожого алдырып жиберди. Деги Ак-Талаадан дагы ким деген «самый ходжалар» чыккан:

1. Алп Тобок 16 кылымда туулаган, Тайлак баатырдын чоң атасы Жанболот баатырдын бир тууганы  болуп, боюу 4 метрге жетиптир. Аны ат да көтөрө алчу эмес экен, Жанболот баатыр кытайлыктардын колуна түшүп Бээжинге айдалып кеткенде, жөө Бээжинге чейин барып бошотуп келген дешет.   

2. Тоголок Молдо (Байымбет Абдыракман уулу) 1860 жылы туулган. Төкмө акын, манасчы, комузчу. Жүз жаштан ашып жашаган, Тоголок Молдонун  19 аялы болгон..

3. Шүкүрбек Бейшеналиев 1928 жылы туулган, жазуучу. ЮНЕСКОнун эсеби боюнча, эң көп нускада китептери чыккан Чыңгыз Айтматовдон кийин Шүкүрбек Бейшеналиев экинчи орунду алат.

4. Нурак Абдрахманов, 1947 жылы туулган. Комузчу, ырчы, композитор.  170 күү аткарган, 17 син өзү чыгарган. Чүй облустук мектеп-гимназиясында музыкадан сабак берип калган.

5. Жамин Акималиев 1936 жылы туулган, көп ирет депутат болгон.  

Турдакун Усубалиев был депутатом Верховного Совета СССР Жогорку Совети менен Кыргыз ССР Жогорку Советинде 28 жыл депутат болсо, Жогорку Кеңешке 1992,1995 жана 2000 жылдары депутат болгон. 2005-жылы Акылбек Жапаров каршы чыккан. Төрөбай Кулатов тогуз жолу СССР Жогорку Советине депутат болгон. Андан кийин Жамин Акималиев жети жолу депутат болгон. 

6. Курмангазы Азыкбаев 1962-жылы туулган. Комуз, свирель, флейта, дуда, саксофон сыяктуу 22 музыкалык инструментте ойнойт.  14 тил билсе кызы Нурайым 12 музыкалык инструментте ойнойт.

7. Жеңишбек Райымбаев Ак-Кыя айылынан, 1979 жылы туулган. Анын боюу 2 м 32 см, салмагы— 135 кг. Бут кийиминин өлчөмү 63. 2015 жылы каза тапкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости