www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаарынын Москва району боюнча башкармалыгынын 29 полициянын бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск ькөчөсүндөгү №6 үйдө 25 жаштардагы азият түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан. Каза болгон адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан NazarNews сайтына билдирди.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тил келишпестиктин айынан чыккан чыр-чатактан каза болгон адамдын бет тарабына алган көптөгөн соккулардан талган жаракатынан каза болгондугу аныкталган.

2019-жылдын 3-май күнү аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин Санк-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Москва району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Россия Федерациясынын тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалган. М.М. аттуу жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Россиянын ИИМдин Башкы маалыматтык-аналитикалык борборунун маалыматы боюнча М.М. аттуу жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң гана С.Б. аттуунун туугандары тарабынан “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости