Санжарбек Эрдолатов: «Заманга жарашкан татыктуу адистерди даярдайбыз»
Коом  |   |  2259

Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек. Материалдык-техникалык камылга даярдыктары ѳркүндѳтүлүп замандын азыркы талабына шайкеш келтирилген, ар тарабынан ѳзгѳчѳлѳнгѳн артыкчылыктарга ээ болгон окуу базасы жана мыкты кѳрѳңгѳлүү тажрыйбалуу окутуучулары, дасыккан, такшалган профессорлору менен аты алыска угулган Ала-Тоо эл аралык университетинин студенттерине жаңы доордун үлгүсүндѳ билим, тарбия берип, кѳптѳгѳн тармактар боюнча татыктуу адистерди даярдап чыгарып, турмушка аттандырып келе жатканына чейрек кылымдын жүзү болуп калды.

Бул университет студенттерди окутуп, кадр даярдоодогу жетишкен бараандуу ийгиликтери, үлгү ала турган жакшы жактары республикабыздын чегинен тышкары дүйнѳдѳ да жакшы маалым болуп баркталып келет. Ала-Тоо эл аралык университетин таланттуу менеджер, ар тараптан билимге каныккан, заманбап адистиктерди ѳздѳштүргѳн, келечегинен кѳптү үмүттѳндүргѳн кѳрѳңгѳлүү кѳрѳсѳн инсан Санжарбек Эрдолатовдун жетектеп келе жатканына үч жылга аяк басты. Ректор менен дил маек назарыңыздарда.

- Санжарбек Сайпидинович, алгач окуу жайдын таржымалы, ишмердүүлүгү жѳнүндѳ айтып берсеңиз

- Ала-Тоо эл аралык университети Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлиги менен эл аралык «Сапат» окутуу жана тарбиялоо мекемесинин ортосунда түзүлгѳн келишимдин негизинде 1996-жылдан баштап иштей баштаган. Ушу кезде университеттин педагогикалык жамааты тѳр тарабы тѳп келишкен зор кампуста, заңгыраган окуу залдары менен заманбап үлгүдѳ окутуу технологиялары менен жабдылган жарашыктуу кабинеттерде, кеңселерде студенттерге билим беришүүдѳ. Билим берүү борборунда 5 блок, окутуу үчүн сезгич тактайлар, жана интернет технологиялары менен мыкты камсыз болгон аудиториялар менен лабораториялар иштейт. Университеттин дүйнѳ элдеринин тилинде жазылган 30 миң китеп топтолгон бай китепканасы, ар күн сайын даамдуу бышырылган тамак-аш менен арзан баада тейлеп турган 250 орундуу ашканасы, эки жагымдуу кантини, заңгыраган спорт залы, жашыл бакчасы бар.

Ѳлкѳдѳгү ири окуу жайлардын бири болгон биздин университетте 4 факультет ( дүйнѳлүк экономика, гуманитардык илимдер, жаңы технологиялар, медицина факультети), 19 бѳлүм, орто кесиптик билим берүү мекемеси бар. Дистанттык билим берүү боюнча бакалавриат жана магистратура окуу программалары боюнча 2250 студент билим алат. Билим алгандыгы үчүн берилүүчү тѳлѳмдѳр дүйнѳлүк стандартка салыштырганда бизде бир кыйла арзан. Анын бир топ ыңгайлуу жактары бар. Билим берүү 70 пайыз англис тилинде жүргүзүлѳт.Орус, кыргыз, түрк тилдеринде да сабактар ѳткѳрүлүп турат. Ошону менен катар эле кээ бир бѳлүмдѳрдѳ студенттер каалоосу боюнча жапон, кытай, немец, француз тилдерин үйрѳнѳ алышат. Англис тилин ѳздѳштүргүсү келген студенттер үчүн жумасына 24 саат тил үйрѳткѳн даярдоо курсу иштейт.

Окуу жайынын билим берүүнү ѳркүндѳтүү үчүн мындан башка да кѳптѳгѳн жакшы саамалыктары бар. Жогоруда айтылгандай биздин университтин окутуучулар курамы ѳңчѳй күчтүү кесипкѳйлѳр, атагы алыска чыккан чыгаан профессорлор. Алардын жаңычыл нукта изденүү менен иштеп жетишип жаткан ийгиликтерин айтып олтурсак ѳзүнчѳ узак сѳз болор. Аны дагы бир кеп кезеги келгенде шашпай олтуруп ортого саларбыз. Түркия, АКШ, Кытай, Индия жана башка ѳлкѳлѳрдѳн келип билим берген профессордук окутуучулук курамыбыз ѳзгѳчѳ белгилеп айтарлык тажрыйбага ээ. Алар жаш, ѳзгѳчѳ жигерлүү, окутуунун жана тарбиялоонун эң жогорку ѳңүттѳрүн ѳздѳштүргѳн ѳзгѳчѳ таланттуу кесипкѳй педагогдор. Биздин окуу жайда адамды сыйлай билүүнү үйрѳнүү, ѳмүрдү кадырлай билүү, жакын алыс дебей аралыкка карабастан достукту чыңдоо, эл-журтту, турмушту сүйүү, маданияттуулуктун маңыз-мааниси жана пайдасы, демократия ѳңүттѳрү жана мамлекеттүүлүк жѳнүндѳ баалуу маалымат жана билим алуу менен катар бакалавриат, магистратура жана аспирантура программаларын жогорку деңгээлде ѳздѳштүрѳ аласыз.

Жер жүзүндѳ бардык адамдар бактылуу болууга укуктуу, жараткандын каалоосу да ушундай. Ал үчүн адамзаты аруу максат менен билимге сугарылышы керек, ошон үчүн жапырт ар тараптуу билим алууга умтулушу керек. Баарыбыз бир кемеде сүзүп баратабыз. Аны сактап калуу жана жаркын келечекти камыз кылуу үчүн адам баласы жакшылык үчүн билим алып, гумандуулук менен пайдалана билүүгѳ үйрѳнүшү керек. Ойлоп кѳрсѳңүз жер жүзүнүн тагдырын жараткан адамзатынын ѳз колуна бергенин. Ал эми планетабызда эмне болуп жатат, ѳзүңүз эле карап, акыл калчап кѳрүңүзчү. Жамандыктан кудай ѳзү сактасын.

Ырас эле, сактап турганына шүгүрчүлүк келтиребиз. Ал эми биз ѳзүбүз жер жүзүнѳ кудай берген жашоону кадырлаганды, түшкѳн кемебизге коркунуч келтирип ары -бери солкулдата бербей, бейпил турмушту сактаганды качан, кантип үйрѳнѳр экенбиз. Ал үчүн жапырт байманалуу билим алуу менен катар ыйманыбызды урматтап, адамгерчилик нарк-нусканы бекем сактап, маданиятыбызды бакыбаттантып, пейлибизди оңдогонду үйрѳнүшүбүз керек экен.

- Дүйнѳ университеттери менен алака, байланыш иштерине да учкай токтолуп койсоңуз.

- Биздин окуу жайдын эл аралык деген статусу да бул маселени жогорку деңгээлде уюштурууга милдеттендирип турат. Бул бизге да, чет мамлекеттердеги коллегаларыбызга да шайкеш кызыкчылыкка ээ деп айтсам болот. Туркия, Америка, Кытай, Кипр мамлекеттеринин, ошондой эле Европанын айрым ѳлкѳлѳрүндѳгү университеттер менен түзүлгѳн келишимдин негизинде кызматташып турабыз. Тийиштүү келишимдердин негизинде Эрасмус программалары боюнча студенттерди жана мугалимдерди чет ѳлкѳлѳрдѳгү университеттерге жиберип окутуу иштериндеги мамиле байланыштарыбызды ѳркүндѳтүп жатабыз.

Мындай аракеттин эки тарапка тең пайдасы чоң болорун турмуш ырастап келатат. Алака байланыш программалары боюнча ар кандай чет мамлекеттердеги университеттерге жиберилген студенттер менен мугалимдер окутуу, тарбиялоо ишинде бир кыйла тажрыйбага ээ болуп, тарых жана маданият жагынан ѳздѳрүн байытып, руханий дѳѳлѳттѳрдү жана башка турмушка абдан керектүү касиеттер менен баалулуктарын ѳздѳштүрүп келип жакшы натыйжаларга жетишип жатышат. Экинчи жана үчүнчү курстардын студенттери эң бир алдыңкы жана таанымал компаниялардан практикадан ѳтүп, кадыресе такшалып жатканына кубанычтабыз. Окуу мезгилинде студенттерди турмушта баарынан эмне маанилүү экендигин үйрѳтүүгѳ, дүйнѳ таанымын жогорулатууга, адамдык касиетти сактоону, нарк-нусканы урматтоого, ыймандуу жана маданияттуу болууга тарбиялоого башкы кѳңүлдү буруп турабыз.

Ошон үчүн студенттер менен ар түркүн жолугушууларды, конференцияларды, семинарларды, майрамдарды уюштуруп, талкууларды, социалдык суроо-жоопторду, ошондой эле турмушка жакшылык үрѳнүн сээп, коомубузда маанай кѳтѳргѳн жагымдуу жана пайдалуу ар түркүн иш чараларды ѳткѳрүп турабыз. Ушунун баары кошуна коллегалар менен алака мамилени ѳркүндѳтүүнүн, достук байланышты чыңдоонун жакшы натыйжасы деп ойлойм.

- Санжарбек Сайпидинович, Ала-Тоо университетинин эл аралык мамилелер кеңсеси жѳнүндѳ жакшы сѳздѳр айтылып жүрѳт. Анын маани-маңызын кененирээк чечмелей кетсеңиз.

- Албетте бул кеңсе Ала-Тоо эл аралык университетинин ѳз коллегалары менен мамлекеттер аралык ишмердүүлүгүн ѳнүктүрүү багытында эбегейсиз зор иштерди аткарып келе жатат. Эл аралык мамилелер офиси чет ѳлкѳлүк студенттерди кабыл алууну кѳзѳмѳлдѳѳ менен катар аларга социалдык жана маданий турмуш жагынан колдоо кѳрсѳтүп, кызыкчылыгы бар чет жактык компаниялар менен ѳз ара алака-мамилени жүргүзүп келет. Ал чет мамлекеттик университеттер менен байланышты чыңдоонун үстүндѳ жигердүү аракеттенип, алардын санын кѳбѳйтүү максатындагы иш аракеттерин күчѳтүүдѳ. Ушу кезде АКШ, Мексика, Албания, Индонезия, Малайзия, Кытай, Түштүк Корея, Польша, Аргентина, Казакстан, Шри-Ланка, Грузия, Украина, Индия, Австрия, Беларусь, Хорватия, Литва, Латвия, Тайвань мамлекеттеринде мыкты деп саналган 75 окуу жайы менен келишим түзгѳнбүз. Жылдан жылга окуу жайыбыздагы чет мамлекеттик студенттердин саны кѳбѳйүп баратат.

Ушу кезде биздин университетте Турция, Казакстан, Шри-Ланка, Индонезия, Панама, Сомали, Түштүк Африка, Мали, Азербайжан, Афганистан, Кытай, Египет, Германия, Нидерланды, Монголия, Орусия, Ѳзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринен келген 120 дан ашуун студенттер билим алып жатышат. Университет билим берүүдѳгү эл аралык байланышты күчѳтүүгѳ, чет мамлекеттердеги университеттер менен кызматташууну ѳркүндѳтүүнү мындан ары да күчѳтѳ бермекчи. Мындай аракеттин университетибиздин эл аралык статусун кѳтѳрүүдѳгү мааниси чоң. Бул багытта эл аралык мамилелер офиси ѳзүнүн бараандуу салымын кошуп жатат.

-Технологиялар ар тарабынан аябай ѳнүккѳн биздин заманда жаш муундарды руханий жактан ѳнүктүрүүгѳ, китеп окууга кѳңүл буруу маселелерине кандай карайсыз.

- Албетте, руханий ѳнүгүүнү камсыз кылбай туруп турмушта эң маанилүү негизги ийгиликтерге жетишүү, келечектин ишенимдүү бекем пайдубалын тургузуу мүмкүн эмес. Ал үчүн эң биринчи иретте жаштарды китеп окууга кызыктырып, кѳп эл катышкан иш чараларды уюуштуруп, руханий байлыкты арттыруу аракеттерин күчѳтүү керек. Мында эң башкысы жетекчилер, окутуучулар жамааты ѳздѳрү үлгү кѳрсѳтүшү керек деген ойдомун. Адамдардын руханий байлыгын арттыруу, жан дүйнѳ кудуретин ѳнүктүрүү азыркы доордун эң башкы талабы болуп турат. Бир беткей кетип материалдык байлык топтоо менен эле алпурушуп калуу эмнеге алып барарын турмуштан кѳрүп жатабыз.

Ыймандык парасаттын, адамгерчилик касиеттердин кедери кетип тѳмѳндѳп жатышы, мерестик менен таш боордуктун, кайдыгерликтин, түркѳйлүк менен арамзалыктын, ичи тардык менен кѳрѳ албастыктын, жуксуздук менен жосунсуз жоруктардын, уруу-кескилердин кѳбѳйүп кетиши руханий ѳнүгүүнүн аксап турганынан улам болуп жатпайбы. Ошондуктан, адамдын руханий байлыгын арттырууга эң башкы кѳңүл бурулушу керек. Биз да университеттин ишмердүүлүгүндѳ бул маселени алдыга сүрѳп чыгууга ѳзгѳчѳ маани берип жатабыз.

- Пандемия шартында жаштарды окутуу, тарбиялоо иштерин кандай ѳңүттѳ жүргүзүп жатасыңар?

- Эл катары бардык талаптар менен эрежелерди сактап иштеп жатабыз. Университеттин материалдык- техникалык мыкты базасы, эң алдыңкы технологиялардын колдонууга алынып турганы бизге ѳзүнүн жакшы жардамын тийгизүүдѳ деп айтсам болот. Аралыктан окутууда биздин педагогикалык жамаат да, студенттер да ѳз милдеттерин так аткарып, жоопкерчиликти сезип тынбай аракеттенип жакшы натыйжаларга жетишип жатышат. Жапырт окуу жайга чогулуп шардана билим алуучу майрамдай күндѳр да жарк этип кирип келер учур алыс эместир.

- Санжар Сайпидинович, жаңы жылга кандай ой-тилектерди айтар элеңиз?

- Келе жаткан жаңы жылыңыздар байманалуу, куттуу болсун! Баарыңыздарды жакшылык менен жаркын маанай коштоп турсун! Эл-журтубуз тынч, баш-кѳзүбүз аман болсун. Мамлекетибизге тынчтык уялап, ѳз ара ынтымагыбыз артып жаркын мейкиндерге чыгалы. Дүйнѳгѳ бүлүк салып, эл-журтту бушайман кылган капсалаң илдет караан үзүп жер жүзүнѳн алыстап кетсин. Жаңы жылда эл-журтубузду кубанткан жакшылыктар кѳп болсун деп тилек кылалы. Кудай колдоп, жараткан ѳзү жалгап турсун баарыбызды.

- Санжар Сайпидинович, жаңы жыл астанасында олуттуу аңгеме-дүкѳн куруп бергениңиз үчүн чоң ырахмат. Ишиңизди ийгилик коштоп, турмушуңузду жакшылык жылоолой берсин.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями