www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков кайрадан сотко катышуудан баш тартты

Бүгүн, 20-январда  мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков  апелляциялык арызды кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумуна катышпай тургандыгын айтты.

Сапар Исаковдун айтымына караганда, отурумга катышыштын кереги жок. Себеби,  баардык соттор көз каранды жана саясий чечим чыгарышат.

«Менин атымдан жактоочуларым катышат. Мен болсо,  чындык үчүн күрөшүүнү уланта берем», — дейт мурунку өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык соту баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча айыпталгандардын апелляциялык арызын кароону баштады. Сотко Ирина Воронцова төрагалык кылууда.

6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталуучулар, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.

Ал эми,  «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары,  «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан зот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге 5 миллион сом, мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 млн. сом айып салынган.

 Эске салсак, 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң,  Бишкек тургундары  бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости