www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Кой-Ташта коргонууга алынып, штаб уюштуруп, “Кой-Таш Элдик Республикасын” түзөбүз деп дырылдап жатканда, ой келет экен. Анткени, Кой-Ташта элдик штаб уюштурар менен Кочкордо БНК деген эң арзан тамак бере турган жерге Сапар Исаков да штаб ачкан. Атамбаевден айырмасы Кой- Ташка баргандар Атамбаевке келген бекер этке кокосунан тоюшат. Ал эми Сапар Исаковдун штабына баргандарга эч нерсе жок, бирок БНКга арзан тамак ичемин деп эл көп барат. Мына Сапар Исаковдун айлакердиги, ошол үчүн Атамбаевге “Таза коом” куруп, таза арак берем деп жүргөн да.

Эми Атамбаев “Кой-Таш Элдик Республикасын” түзөм деп жатат “сары бала” эмнени түзөр экен? “Кочкор Элдик Республикасын” түзөйүн десе кочкорлуктар макул болушпайт, Кочкор эмне мал беле? “Сарыбагыш Элдик Республикасын” түзөйүн десе сарыбагыштар макул болбойт, анткени “Жети кул” менен “Койлубайды” калмактардан колго түшүрүп келип Эсенкул баатыр сарыбагышка кошконун билишет. Андан тышкары бул “сары бала” Бакиев президент болсо, мен Ошто төрөлгөм деп, Ошто иштеп келген атасын ортого салат. Атамбаев президент болсо Кой-Ташта төрөлгөм деп чүйлүк боло калат.Кочкордогу Жумакадыр Исаковдун үйү каралбай, анын көзү өткөндө Атамбаев келет экен деп түнү боюу ДЭУ менен РЭСти жиниктирип, жарык койдуруп, жолун оңдоткон.

Сапар Исаковдун башына жамандык келери менен ошол Кочкору штаб түзүп көтөрүп берип жатат. Бирок, “Кочкор Элдик Республикасын” түзүшпөйт, анткени Кочкор канды каалабайт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости