www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сатыбалды Далбаев каза болду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эл артисти Сатыбалды Далбаев көз жумду.

Ал 1934-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында туулган. 1952-жылы Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтка тапшырып, аны 1957-жылы аяктаган. Сатыбалды Далбаев 1952-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.

1970-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын алган, төрт жылдан кийин эле «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына татыктуу болгон. Ал Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси жана Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.
1995-жылы «Манас-1000» медалы менен сыйланган.

2008-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

Эл артисти Сатыбалды Далбаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 30-апрелде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык улуттук драма театрында өтөт. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости