www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Бектур Асановго Түркияда операция жасалат

2022-жылдын октябрынан бери абакта жатып, саламаттыгына байланыштуу 7-февралда үй камагына чыккан Бектур Асановдун омурткасына 21-март күнү медициналык операция жасалат. Операция Түркиянын Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде шашылыш жасаларын анын жакындары "Азаттыкка" билдиришти.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Асановго 19-марттан 19-апрелге чейин Түркияда дарыланып келүүгө уруксат бергенин адвокаты Кантемир Турдалиев 18-мартта "Азаттыкка" маалымдаган.

9-январда “кемпирабадчылар” ден соолугу начарлап жаткан Бектур Асановду ооруканага которууну талабы менен "ачкачылык жарыялап, соттук отурумдан баш тартарын” эскертишкен. №1 тергөө абагында жаткан Бектур Асанов 10-январда Улуттук госпиталга жаткырылып, 15-январда анын моюн омурткаларына операция жасалган.

Ал 30-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесине которулган. Абалы жакшырбаганына байланыштуу сот 7-февралда аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Жакындары саясатчынын абалы оор экенин билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын тогузу тергөө абагында калды. Калганы түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Последние новости