www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Секстин тийгизген пайдасы

Жумасына жок дегенде эки жолу сүйүктүүсү менен "эс алган" адамдын иммунитети башкалардыкынан 30 пайыз жогору болот.

Байма-бай дене кумарына батып туруу бир нече оорунун алдын алат. Бул тууралуу Bulletin of Experimental Biology and Medicine журналы жазып чыкты.

Мисалы, жумасына жок дегенде эки жолу сүйүктүүсү менен "эс алган" адамдын иммунитети башкалардыкынан 30 пайыз жогору болот.

"Сексуалдык жактан өтө активдүү эркектер жүрөк-кан тамыр ооруларына аз чалдыгат. Ошондой эле сасык тумоо, простатит сыяктуу илдеттерден оолак болот. Ал эми аял кишиники этек кири турукташып, ооруксунбай келет", — деп айтылат макалада.

Ал эми түркиялык окумуштуулар төшөк кумары бөйрөктөгү таштарды түшүрүүгө дагы пайдалуу экенин айтып чыгышкан.

Себеби эмнеде десеңиз, кумарга батуу учурунда адамдын ондогон, айрым учурда машыгуу залында оңой менен иштебей турган булчуңдары аракетте болот. Өзгөчө секс жүрөккө жана кан тамырларга жакшы таасир этип, айрым учурда жаңы капиллярлардын пайда болушун шарттайт.

Булак: "Спутник"

Последние новости